Бишкектин 140 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык мелдешке 12 көк бөрү командасы катышат

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине карата көк бөрү боюнча турнир өткөрүлөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациянын маалымат кызматы билдирди.

Футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эстрада жылдыздары Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен футбол ойнойт
Мелдеш 22-28-апрель күндөрү борбор калаадагы "Ак кула" ат майданында болот. Анда "Сары-Өзөн", "Келечек", "Кара-Балта", "Арашан", Төш-Булак", "Четинди", "Көк-Жал", "Аафият", "Эмгек-Талаа", "Долон", "Кеңешбек-Ата", "Бакубат Талас" (мурунку "Мурас") командалары күч сынашат.

Оюндардын графиги төмөндөгүчө:

22-24-апрель — топтук оюндар;

25-апрель — дем алыш;

26-апрель — жарым финалдык оюндар;

27-апрель — 3-4 орун үчүн беттеш;

28-апрель — финалдык оюн.

Жалпы байге фондусу 500 миң сом. Көрүүчүлөргө кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0