Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө 15 өлкөдөн келген ыктыярчылар жардам берет

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарын ачылыш аземи. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДКО 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын (ДКО) өткөрүүгө 15 өлкөдөн келген ыктыярчылар жардам берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"ДКОну уюштуруу боюнча катчылыкка ыктыярчы болууну каалагандардан 3,5 миң кат келген. Анын ичинен 550 каалоочу тандалып алынса, 40ы — чет өлкөлүктөр", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 14-апрель күнү, ыктыярчылар менен премьер-министр Сапар Исаков жолугуп, иш-чараны өткөрүүдө алардын эмгеги ат көтөргүс экенин айтты.

"Чет элдик туристтер Кыргызстан тууралуу кандай ойдо кетери көбүнесе сиздерден көз каранды", — деди премьер-министр.

ДКО 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0