12:54 19 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3068
  • EUR79.1608
  • RUB1.0760
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарын ачылыш аземи. Архив

Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө 15 өлкөдөн келген ыктыярчылар жардам берет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (42)
14920

ДКО 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын (ДКО) өткөрүүгө 15 өлкөдөн келген ыктыярчылар жардам берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"ДКОну уюштуруу боюнча катчылыкка ыктыярчы болууну каалагандардан 3,5 миң кат келген. Анын ичинен 550 каалоочу тандалып алынса, 40ы — чет өлкөлүктөр", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 14-апрель күнү, ыктыярчылар менен премьер-министр Сапар Исаков жолугуп, иш-чараны өткөрүүдө алардын эмгеги ат көтөргүс экенин айтты.

"Чет элдик туристтер Кыргызстан тууралуу кандай ойдо кетери көбүнесе сиздерден көз каранды", — деди премьер-министр.

ДКО 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Тема:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (42)

Тема боюнча

ДКО: мыкты спортчулар "Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөр китебине" кирет
Көчмөн элдердин маданий мурастары менен баалуулуктары изилденип жатат
Белгилер:
ыктыярчылар, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Сапар Исаков, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ