Эстрада жылдыздары Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен футбол ойнойт

Жазылуу
Жолдоштук беттеш "Дордой" спорт комплексинде 20-апрелде саат 16.00дө башталат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата кыргыз эстрада жылдыздары мэриянын кызматкерлери менен футбол талаасында беттешет. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолдоштук беттеш "Дордой" спорт комплексинде 20-апрелде саат 16.00дө башталат.

Анда мэриянын кызматкерлери менен белгилүү ырчылар Максат Садырбеков, Омар Жанышов, бийчи Атай Өмүрзаков жана башкалар күч сынашмакчы.

"Бул жыл сайын өтүп турчу салтка айланган оюн. Былтыр Оштун борбордук стадионунда өтүп, калаа тургундарынын чоң кызыгуусун жараткан", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, башка дагы футбол ышкыбоздору муниципалитеттин өкүлдөрүн да оюнга чакыруусу мүмкүн. Оюнга эл аралык категориядагы калыс Бахадыр Кочкоров калыстык кылат. Мелдеш концерттик программа менен коштолот.

Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0