Топ тепкен мыкты кыз-келиндер аныкталат. Футбол боюнча чемпионат өтөт

Жазылуу
Өлкө биринчилигинде аймактардан чогулган алты команда күч сынашат

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыз-келиндер арасында Кыргызстандын мыкты футбол командасы аныкталат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионаттын биринчи туру 28-апрелде Бишкек, Кант жана Нарын калаасында өтөт. Жалпы өлкө биринчилигинде аймактардан чогулган сегиз команда күч сынашат. Ал эми кийинки беттештер май, июнь, июлда башка шаарларда уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0