Рингде жеңилбес Акжол Сулайманбек уулу кезектеги беттешин өткөрөт

© Фото / предоставлено Акжолом Сулайманбек уулуБоксер Акжол Сулайманбек уулу
Боксер Акжол Сулайманбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулайманбек уулу 59 килограмм салмак ченинде венесуэлалык мушкер Леонардо Падильи менен 10 раундда күч сынашат

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу RCC Boxing промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган кезектеги турнирде күч сынашат. Бул тууралуу спорттук уюмдун ВКонтакте социалдык баракчасында жарыяланды.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
Профессионалдар арасындагы бокс боюнча мелдеш 22-апрелде Екатеринбург шаарында өтөт. Анда Акжол Сулайманбек уулу 59 килограмм салмак ченинде венесуэлалык мушкер Леонардо Падильи менен 10 раундда күч сынашат.

Кыргыз мушкери Акжол буга чейин профессионалдар арасында 10 ирет беттеш өткөрүп, бир да жолу утулган эмес. Аталган спорттун түрү боюнча КРдин үч жолку чемпиону. 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында спорттук карьерасын улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0