Паралимпиадачы Эсен Калиев: тагдыр экен, уулумду жалгыз тарбиялайм

© Sputnik / Табылды КадырбековПауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарындарынын катышуучусу Эсен Калиев
Пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарындарынын катышуучусу Эсен Калиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсен Калиев көпчүлүккө үлгү экендигин тартынбай айтууга болот. Табият аны бутунан майып кылганы менен оор сыноого майтарылбай колу менен оор таштарды көтөрүп, пауэрлифтинг жылдызына айланган.

Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарында бешинчи орунду ээлеп, кыргыз элин чоң кубанычка бөлөгөн.

— Балалыгыңыз тууралуу кеп салсаңыз?

— Түбүм Токтогул районунун Толук айылынан. Чүйгө ден соолугума байланыштуу көчүп келгенбиз. Ал кезде бейтапканалап көп жүрдүк. Панфилов айылындагы жатак мектепте окугам. Үйгө бир жумада бир келчүмүн. Башка балдардай эле тентек болсом керек. Классташ кыздардын чачын тарткылап, сагыз жабыштырып ыйлата берчүмүн.

Беш бир туугандын экинчисимин. Аман аттуу эгизим бар. Ал менден беш мүнөткө эрте төрөлгөн, үйдүн улуусу. Менден кийин эки карындашым жана иним бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековПаралимпиадачы Эсен Калиев: тогуз жашыма чейин бутума жети жолу операция жасаттык. Ага чейин басчу эмесмин
Многократный чемпион Кыргызстана по пауэрлифтингу, участник паралимпийских игр в Рио-Де-Жанейро Эсен Калиев - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиадачы Эсен Калиев: тогуз жашыма чейин бутума жети жолу операция жасаттык. Ага чейин басчу эмесмин

— Бала кезде бейтапканада көп жүрдүм деп калдыңыз…

— Апам биринчи төрөтүндө эгиздерди көтөрүп кыйналып калган экен. Өзү бою кичине адам. Ушул киши балдарынын убайын көрүп, өмүрлүү болсо дейм… Тогуз жашыма чейин бутума жети жолу операция жасаттык. Ага чейин басчу эмесмин. Кудайга шүгүр, азыр эки бутум иштеп жүргөнүнө кубанам. Кудай да колдоду окшойт.

1-классты үйдөн апам окутту. Мени кийин кор болбосун дедиби, өзү окутуучу болбосо да мектептегилерден кеңеш сурап мага тамга таанытты. Ошол кезде эле 500гө чейин санаганды үйрөнүп, эсеп-кысапка тың болчумун. Мугалимдер да баа беришкен. 2-классымда жатак мектептке бардым. Көпчүлүк деген башка экен. Ошентип менин чыныгы окуучулук күндөрүм башталды.

© REUTERS / PILAR OLIVARESЭсен Калиев пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарында бешинчи орунду ээлеген
Паралимпийские игры. Пауэрлифтинг. Мужчины 54кг - Sputnik Кыргызстан
Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарында бешинчи орунду ээлеген

— Спортко кантип келип калгансыз?

— Бишкектеги финансы техникумунда 2-курста окуп жүргөндө спорт залга бара баштадым. Бирок кесипкөй спортчу болом деп ойлогон эмесмин.

Ал кезде таяк менен жүрчүмүн. Окуудан чыгып троллейбусту күтүп отурсам бир карган киши келип, колдорумду кармап машыксаң болчудай экен деп залга алып барган. Биринчи эле 50 килограмм штанганы көтөрдүм. "Күч деген бар экен, дүйнө чемпиону болосуңбу?" деди. Сөзүнө маани деле берген жокмун. Машыгууга келип келбей, өзүмө ишенбей жүрдүм. Биринчи мелдеште 85 килограммды түрттүм. Пьедесталга тургузуп алтын медаль тагышканда жөн гана көңүлүмдү көтөрүп берип коюшту го дедим. Үйдөгүлөргө деле жар салган жокмун. Чогуу машыккан Данияр деген балдакчан бала бар эле, аны менен кечинде тамак жасап майрамдадык. Түгөйүм Эсен келип куттуктады.

Победитель международного турнира по мас-рестлингу Arnold Classic 2018 Азат Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Таяк тартыш чебери Азат: Арнольд Шварценеггерди көрүп абдан таң калдым
Экинчи мелдеште 95 килограммды түрттүм. Анда деле маани бербедим. 110-130 килограммдан өйдө түртүп баштаганда ишеним пайда болду. Ал кезде кыргыздар аз болчу. Орустар машыгып бизге да мотивация берчү. 10 жыл ири мелдештерге чыкпай залда машыктым.

Тер төккөн эмгегимдин акыбети кайтып, Паралимпиада оюндарына эки жолу катышкам (Лондон-2012, Бразилия-2016 — ред). 2016-жылы дүйнө кубогун утуп, былтыр жана быйыл күмүш медаль тагындым. Учурда Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык жүрүп жатат. Келекчектеги чоң максатым — Паралимпиада оюндарында алтын медаль тагынуу.

Машыктыруучум Аднан Жабраиловго терең ыраазычылыгымды билдирем. Он жылдан ашык убакыттан бери тарбиялоодо. Биз үчүн күйгөн, жан тарткан, стипендиябызды бөлдүртүп берген, машыгууларга жөнөткөн да ушул адам. Ачыгын айтканда, улуту чечен болсо да кыргыздан кем калбай намыс талашат. Аднан агай болбосо, бизге окшогондор катарда эле жүрө бермек. Учурда биз машыгып жаткан спорттун түрү боюнча дүйнөдө деңгээлибиз мыкты.

— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?

— Стипендия аз кезде түрктөрдүн ун чыгарган фирмасында каптарга мөөр басып иштечүмүн. Жетекчилигине абдан ыраазымын, мелдештерге кеткенде колдоп турушчу. Азыр ордума инимди киргизип койгом. Эки жыл мурун мамлекет тарабынан 45 миң сом стипендия бериле баштады. Анын жарымы колдоно турчу витаминдерден ашпайт. Бала-чака бой жетип калды, аларды тарбиялоо үчүн бар күчүмдү жумшашым керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭсен жеке жашоосу тууралуу: жаштык менен үйлөнүп алдым деп ойлойм, кое турсам түшүнүктүү адамга жолугат белем
Многократный чемпион Кыргызстана по пауэрлифтингу, участник паралимпийских игр в Рио-Де-Жанейро Эсен Калиев - Sputnik Кыргызстан
Эсен жеке жашоосу тууралуу: жаштык менен үйлөнүп алдым деп ойлойм, кое турсам түшүнүктүү адамга жолугат белем

— Канча балаңыз бар?

Встреча чемпиона Азии по греко-римской борьбе Акжола Махмудова в Оше - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: белекке эки бөлмөлүү батир алам деп ойлогон эмесмин
— Жубайым менен студент кезде таанышып баш кошконбуз. Ортодо бир уул, бир кызыбыз бар. Тилекке каршы, чогуу жашабайбыз. Жаштык менен үйлөнүп алдым деп ойлойм, кое турсам түшүнүктүү адамга жолугат белем. Жалгыз жүргөнүмө 10 жыл болду. Спорт менен алаксып жүрөм.

Кызым апасынын колунда, каникулда келип турат. Уулум мени менен. 14 жашта, түрктөрдүн "Сапат" билим берүү борборунда окуйт. Абдан зээндүү, акылы тунук бала. Түрк, англис тилдеринде мыкты сүйлөйт. Азыр Индияга физика сабагы боюнча сынакка барганы турат. Командасынын капитаны экен. Кийин президент болсо деп кыялданам. Футболду абдан жакшы билет.

Жаңылыктар түрмөгү
0