ММА, Панкратион федерацияларынын президенти Өмүрзаков: эрежесиз эр урушка каршымын

© Фото / Зульфия ТургуноваКыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти, Дзюдо федерациясынын вице-президенти, "Мухаммед Умар" спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков (оңдо)
Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти, Дзюдо федерациясынын вице-президенти, Мухаммед Умар спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков (оңдо) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти, Дзюдо федерациясынын вице-президенти, "Мухаммед Умар" спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, үй-бүлөсү, спорттогу жолу жана аркалаган жумушу тууралуу айтып берди.

— Улукбек мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Спорт дүйнөсүнө кантип келип калгансыз?

— Үй-бүлөдө он бир тууганбыз, беш эркек, беш кыз. Экинчи агам Тазабек каратэнин шотокан түрү менен машыкчу. Ал "эркек бала спортко жакын болушу керек" деп өзүнөн кичүү үч инисин спорт дүйнөсүнө аралаштырды десем болот. Өзүм туулуп өскөн Кара-Кулжа районундагы орто мектепте окуп жүргөн кезимде каратэге кызыгып, спорттун ушул түрү менен машыгып жүрдүм. Мектепти аяктап, Ош шаарына келип, бирок жогорку окуу жайга өтпөй калдым да Белоруссияга кеттим. Ал жакта каратэнин шотокан түрү, дзюдо менен машыгып жүрдүм. Кийинчерээк Кыргызстанга келип, күжүрмөн самбо менен машыктым.

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
Ошко кайтып, ОшМУнун юридикалык факультетинде окуп калдым. 2001-жылы университеттер арасында уюштурулган мелдеште абсолюттук чемпион болгом. 2004-жылы спартакиадада самбо боюнча Кыргызстанда 3-орунду ээлегем. Ал эми 2005-жылы дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионатында 3-орунга татыктуу болдум. Ошол жылдары биз үчүн бул чоң ийгилик эле. Анткени ал кезде азыркыдай спорттук клубдар, мектептер, спортчулардын машыгуусу үчүн шарттар жок эле. Учурда бул кызматтан сырткары Ош облустук прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштейм. Үй-бүлөлүүмүн. Алты уул, бир кызым бар.

— Клубду кандайча жетектеп калдыңыз?

— Бир тууган агам Сүйүн Өмүрзаков да буга чейин спорт менен машыгып келген. Учурда Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп келет. 2005-жылы Ош шаарындагы спортчулар спортту көтөрөлү деген максат менен клуб ачып, алар үчүн шарт түзүп берүүсүн суранышат. Спортчулардын өтүнүчүн эске алып, агам демөөрчү таап, өзү да кошо демөөрчүлүк кылып, "Мухаммед Умар" спорт клубун негиздеген. Учурда аталган клубда дзюдо, күжүрмөн самбо, ММА, бокс, кикбоксинг жана башка спорттун бир катар түрлөрү боюнча 6 насаатчы спортчуларды машыктырып келет.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваУлукбек Өмүрзаков: спорт клубунун үч тарбиялануучусун сунуштап, Олимпиадага даярдайлы деп жатабыз
Президент федерации ММА и панкратиона КР Улукбек Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Өмүрзаков: спорт клубунун үч тарбиялануучусун сунуштап, Олимпиадага даярдайлы деп жатабыз

— Клуб кайсы чемпиондору менен сыймыктанат? Кайсы спортчуларды уядан учура алдыңыздар жана клубга атактуулукту кайсы спортчу алып келди?

— 2017-жылы Сочиде өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта Бекназар Раимкул уулу 74 килограммга чейинки салмак ченинде россиялык атаандашы Байзет Хатхохту жеңип дүйнө чемпиону аталды. Орозбек Автандил уулу ушул эле чемпионатта 62 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чейин келип, күмүш медалдын ээси болду. Белгилеп кетчү жагдай, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону чыга элек экен. Бекназар Раимкул уулу Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу чемпион болду.

Жээнбеков менен Проценконун айыгышкан кармашы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Проценконун айыгышкан кармашы. Видео
Спорттун олимпиадалык түрү боюнча айта кетсем, 2015-жылы алгачкы жолу өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Таиландда Азия чемпионаты өткөрүлгөн. Анда спортчу Баяман Сагынбай уулу 55 килограммга чейинки салмак ченинде биринчиликти ээлеп, Азия чемпиону аталды. Ушул күнгө чейин Кыргызстандан чемпион чыга элек болчу.

2016-жылы июль айында Якутияда өткөн "Азия балдары" мелдешинде дзюдо боюнча 46 килограммга чейинки салмак ченинде спортчу Айбек уулу Кубанычбек Азия чемпиону аталып, алтын медаль менен кайтты. Бул да жаш өспүрүмдөр арасындагы мелдеш боюнча өлкөнүн алгачкы ийгилиги эле.

Учурда "Мухаммед Умар" спорт клубунун үч тарбиялануучусун сунуштап, Олимпиадага даярдайлы деп жатабыз.

— Cиз жетектеген спорт клуб башка спорттук мектептерден эмнеси менен айырмаланат? Жеке клубга таандык кандай эреже тартип, мыйзамдарыңыздар бар?

— Клубдун тарбиялануучуларына жумасына эки жолу ыйман сабагы өткөрүлөт. Анда мечиттин имамдары жана шаардык, облустук казыяттын өкүлдөрү спортчуларды ыйман-адепке жана мекенчилдикке тарбиялашат.

— Эгерде кылмыштуу иштерге аралашып же клубдун атына көлөкө түшүргөн спортчулар болсо, аларга кандай чара көрүлөт?

— Машыктыруучулар олуттуу бир көз карашы менен балдарга айтайын деген оюн түшүндүрүп коет. Ушул жетиштүү го деп ойлойм.

— Учурда ММА же эрежесиз эр уруш дүйнө жүзүндө гана эмес, Кыргызстанда да спорттун популярдуу түрү. Эмне себептен ышкыбоздор спорттун дал ушул түрүнө кызыгат?

— Биринчиден "эрежесиз эр уруш" дегендин өзү туура эмес. Спорттун бул түрүндө эреже бар. ММА бул англис тилинен алынган сөз. Ал эми орус тилинде "смешанные единоборства" деп коюшат. Кыргыз тилиндеги мааниси бул аралаш мушташ дегенди түшүндүрөт. Себеби буга дзюдо, эркин күрөш, каратэ, кикбоксинг, самбодон эрежелер алынып, ММА түрүн иштелип чыккан. Негизи "аралаш мушташ" деп атасак туура болот. Бул спортко бардык спортчулар өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүнө жараша катыша алат. Ошон үчүн кызыктуу болсо керек деп ойлойм.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨмүрзаков: чакан мелдештерде жүрүп эле UFC лигасына баруу өтө кыйын. Аталган лигага жеткен күндө да кесипкөйлүк төмөнүрөөк болгондуктан ийгилик жарата албайт.
Президент федерации ММА и панкратиона КР Улукбек Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Өмүрзаков: чакан мелдештерде жүрүп эле UFC лигасына баруу өтө кыйын. Аталган лигага жеткен күндө да кесипкөйлүк төмөнүрөөк болгондуктан ийгилик жарата албайт.

— ММА ден-соолук үчүн да кооптуу жана кандуу спорт деп айтышат. Мындай пикирлерге көз карашыңыз кандай?

— Эрежесиз эр уруш болсо, анда, албетте, кооптуу. Анткени анда эреже жок. Мен эрежесиз эр урушту колдомок эмесмин. Ал эми мен жетектеген федерацияда эреже, дүйнөлүк ассоциация иштеп чыккан регламент бар. Ошонун негизинде спортчуларга упай берилет. Калыстар эсептеп чыгып, ошонун негизинде жеңүүчүлөрдү аныкташат.

— Кыргызстанда ММА боюнча мелдештерди көбүнчө WEF, JFS, Nomad Fight спорттук лигалары өткөрөт. Сиз жетектеген ММА жана Панкратион федерацияларынын турнирлери эмнеси менен айырмаланат?

— Мамлекеттик, анан жеке тараптар бар. Эгерде турнирлерди ММА жана Панкратион федерациясы өткөрсө, анда спортчуларга "КРдин спорт чебери" же "КРдин эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары берилет. Ал эми сиз атап өткөн спорттук лигалар өткөрсө, анда аталган наамдарды бере албайт деп ойлойм.

— ММА олимпиадалык спорттун түрүнө кирбегендиктен спортчулардын жеткен чеги Америкадагы UFC лигасында күч сынашуу. Учурда ата мекендик спортчулардын ичинен Валентина Шевченко гана аталган уюмда ат салышып жүрөт. Башка спортчуларыбыздын ал жакка баруусу үчүн кандай шарт түзүп беришибиз керек?

WEF Global уюмунун 22 жаштагы жаңы чемпиону Мырзамидин Пазылов - Sputnik Кыргызстан
WEF чемпиону Пазылов: Ариетти утуп алаарыма мурда эле көзүм жетчү
— Биздин спортчулар эл аралык даражадагы чебер болбогондуктан ийгилик жарата албай жатат. Ошондуктан спортчулар кесипкөй болушу керек. Чакан мелдештерде күч сынашып жүрүп эле UFC лигасына баруу — бул өтө кыйын. Аталган лигага жеткен күндө да өздөрүнүн кесипкөйлүгү төмөнүрөөк болгондуктан ийгилик жарата албайт.

— Машыктыруучулар тууралуу айта кетсеңиз, учурда алар жетиштүү элеби? Дегеле спорт тармагында ийгилик жаратуу үчүн мамлекет эмнеге көңүл буруусу зарыл?

— ММА боюнча билимдүү, кесипкөй машыктыруучулардын саны аз. Өлкөдө спортту сүйгөн гана машыктыруучулар калышты. Ал эми көпчүлүгү айлык маянанын аздыгынан улам башка өлкөлөргө кетип калышкан. Мындан сырткары, өлкөдө спорттук дарыгерлер аз. Мамлекет спорттун деңгээлин көтөрүү үчүн спортчулардын туура тамактануусу, жашоо образы, кандай витаминдер керектиги тууралуу туура багыт берип, көзөмөлдөгөн дарыгерлердин санын көбөйтүүсү керек. Мындан сырткары, эл аралык даражадагы калыстарыбыз болушу керек. Спортту спорттук тил менен чагылдырып бере турган журналисттер да аз.

Жаңылыктар түрмөгү
0