Бишкекте Баяман Эркинбаевдин элесине арналган алыш күрөшү боюнча мелдеш өтөт

© Фото / Зульфия ТургуноваМеждународный турнир серии Гран-при по борьбе алыш-бел боо в Оше
Международный турнир серии Гран-при по борьбе алыш-бел боо в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таймашка 15тен ашык мамлекеттин спорчулары келмекчи

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкекте коомдук жана саясий ишмер, бел боо күрөшүнүн түптөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча чоңдор арасында эл аралык Гран-при турнири өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш 17-мартка белгиленген. Гран-при турнир Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) эрежелери менен өтөт.

Первенство столицы по таяк тартышу (мac-рестлингу) - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жигит АКШда таяк тартыш боюнча чемпион болду
Анда алты салмак түрү (60, 70, 80, 90, 100 кг чейин, 100 кг өйдө) боюнча балдар жана алты категорияда (55, 60, 65, 70, 75 кг чейин, 75 кг өйдө) кыздар күч сынашат. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланмакчы.

Турнирдин алкагында эл аралык калыстар квалификациясын жогорулатуу максатында семинар каралган.

Мелдешке 15тен ашык мамлекеттен спорчулардын келиши күтүлүүдө.

Жакында эле Бишкекте өткөн Азия биринчилигинен кийин ата мекендик спортчулар рейтингде өз орундарын жакшырта алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0