Баары алдыда! Азия чемпионатынын эң ажарлуу балбаны Мээрим Жуманазарова менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековКүрөш боюнча Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова
Күрөш боюнча Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-2-март күндөрү Бишкекте кыз-келиндер арасында Азия чемпионаты өттү. Ага өлкө атынан беш кыз катышкан. Бирок арасынан жалгыз балбан кыз Мээрим Жуманазарова байгеге ээ болуп, коло медаль тагынды.

Жуманазарова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип, спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди.

— Мээрим, жеңиш кут болсун. Атаандаштарды буттан алып оодарган бул сиздин жакшы көргөн ыкмаңызбы?

— Рахмат. Атаандаштын өзгөчөлүгүнө жараша машыктыруучулар тактиканы белгилеп берет. Мелдештеги биринчи атаандашым япон балбаны белден өйдө иштегенди жакшы көрөт экен. Мен болсо бутка кирүү ыкмасын колдонуп, утуп алдым. Экинчи атаандашым менен кармашканда өзүмдөн катачылык кетти. Агайлар коюп берген ыкманы аткара албай калдым. Упай көп болсо да токтоп калбай күрөш дешкен. А мен атаандашымдан алдыда экенимди билип, коргонуп туруп алдым. Элдин баары "Мээрим, Мээрим!" деп сүрөп жатканда утулуп калганым жаман болду… Бирок коло байге үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алгам. Ошондо индиялык балбанды 12:6 эсебинде жеңдим.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзия чемпионатынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылында туулган
Бронзовый призер Азиатских игр по борьбе в Бишкеке Мээрим Джуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпионатынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылында туулган

— Жеңишиңизди жакындарыңыз менен майрамдасаңыз керек?

— Үйдөгүлөр айылдан телефон чалып куттукташты. Менин жеңишим алар үчүн кадыресе эле көрүнүшкө айланган. Айылда биздин аркабыздан күрөшүп келе жаткан кичинекей кыздар бар. Алар мен утулуп калганда ыйлашыптыр. Угуп алып ичим эңшерилди… Мени колдоп, санаа тарткан күйөрмандарыма, машыктыруучуларыма жана үй-бүлөмө ыраазымын.

— Спортко кантип келип калгансыз?

— Мен төрт килограммдан ашык болуп төрөлүпмүн. Ошондо эле атам балбан болорумду билген экен. "Кызым балбан болот" деп көп айтчу. Таякемдин балдары менен күрөшүп ойноп колу-бутун кайрып койчумун. Урук-туугандарыбыздын көбү спорт чебери. Биринчи машыктыруучум — атам. 6-класска чейин мектепте жакшы окудум. Андан ары спортко баш отум менен кирип кеттим. Борборго келгенден бери Нурбек Изабеков агайдын колунда тарбияланып келем. Жеке машыктыруучум — Айсулуу Тыныбекова.

— Спорттук жетишкендиктериңиз тууралуу айта кетсеңиз?

— 2014-2015 жылдары жаштар арасындагы Азия чемпионатында эки жолу коло байге алгам. 2016-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде дагы коло медаль тагындым. Былтыр алгачкы жолу жаштар арасында Азия чемпиону аталдым. Ошол эле жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында жана Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медалга ээ болдум.

— Алдыга кандай пландарды койдуңуз?

— Быйыл кудай буюрса жаштар арасындагы Азия чемпионатында, дүйнө биринчилигинде жана Индонезияда өтө турчу Азия оюндарында ийгилик жаратуу. Келечектеги максатым — Олимпиада чемпиону болуу.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖуманазарова: айылда биздин аркабыздан күрөшүп келе жаткан кичинекей кыздар бар. Алар мен утулуп калганда ыйлашыптыр. Угуп алып ичим эңшерилди
Чемпионат Азии по женской борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жуманазарова: айылда биздин аркабыздан күрөшүп келе жаткан кичинекей кыздар бар. Алар мен утулуп калганда ыйлашыптыр. Угуп алып ичим эңшерилди

— Үй-бүлөңүз, өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Мен 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылында туулгам. Атам Рахмадилде Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Апам Айнура Чолпонкулова кесиби фельдшер-лаборант. Сегиз бир туугандын төртүнчүсүмүн. Үйдөн мен жана сиңдим экөөбүз күрөш менен алектенебиз. Үйдүн кенжеси уул. Ата-энем жалгыз баласын спортко бергенге каалоосу жок.

Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжин аяктагам. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 1-курсунун студентимин.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБалбан кыз сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Мээримге кошулуп сиңдиси да күрөшкө ынтызар
Бронзовый призер Азиатских игр по борьбе в Бишкеке Мээрим Джуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыз сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Мээримге кошулуп сиңдиси да күрөшкө ынтызар

— Балбан кыз деген сөздү кандай кабыл аласыз?

— Ошол сөзгө татыктуу болгонго аракет кылам. Көбү сыртыман спортчу экенимди билишет. Бирок ичке жана кубулжуган үнүмдү укканда таңгалып жылмайып коюшат (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0