Машыктыруучу Сарыгул Чекиров: 8 окуучум азыр Жогорку Кеңеште депутат

© Sputnik / Мирбек СакеновМастер спорта Советского Союза по вольной борьбе, заслуженный тренер КР Сарыгул Чекиров
Мастер спорта Советского Союза по вольной борьбе, заслуженный тренер КР Сарыгул Чекиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүздөгөн чемпиондорду өстүргөн Сарыгул Чекиров 82 жашка чыкканына карабай күрөш боюнча мелдештерди калтырбоого аракет кылат.

КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу 40 жылдай балбандарга жол көрсөтүп, өмүрүн спортко арнаган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ардагер устат менен маек курду.

— Кезинде кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп СССРде күрөш боюнча спорттун чебери болгон экенсиз. Спортко кантип келип калдыңыз эле?

— Айылда балдар менен күрөшүп калчумун, бир жолу алар менен төө басты ойной коюп колумду сындырып дагы алгам. Кийин 8-класста борбор калаага келип, Маратбек деген агам аркылуу күрөшкө кадам таштадым. Ошентип эркин, грек-рим жана кыргыз күрөш боюнча түрдүү мелдештерде күч сынашып 22 жашымда спорттун чебери болдум. Кыргыз ССРинде 52 килограмм салмактагылар арасында бир нече жолу өлкө биринчилигин утуп, 1958-жылы студенттер арасында СССРдин чемпиону болгом. Андан сырткары, көптөгөн турнирлерде өлкө намысын коргогом. 

© Sputnik / Мирбек Сакенов82 жаштагы ардагер спортчу Сарыгул Чекиров азыр дагы жаштардын мелдештерине барып турат
Мастер спорта Советского Союза по вольной борьбе, заслуженный тренер КР Сарыгул Чекиров - Sputnik Кыргызстан
82 жаштагы ардагер спортчу Сарыгул Чекиров азыр дагы жаштардын мелдештерине барып турат

— Ошондо 1950-жылдары күрөш менен алектенген кыргыз балдар көп беле?

— Анда кыздар такыр эле күрөшчү эмес, балдар гана күч сынашчу. Той, чоң майрамдар күрөшү жок өтчү эмес. Жаштардын басымдуу бөлүгү ушул спорттун түрүнө ыктап кызыгуу күчтүү болгон.

— Узак убакыт машыктыруучу болуп эмгектендиңиз. Шакирттериңиздин арасында Темир Сариев, Мелис Турганбаев бар экен, дагы кайсы азаматтарды тарбияладыңыз?

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
— Өзүм 1959-жылы бутумдан жараат алып мелдештерге катышпай калгам. Андан соң машыктыруучулукка кетип жүздөн ашык спорттун чеберин, чемпиондорду тарбияладым. Сиз айткан Темир СариевМелис Турганбаевден сырткары, Мурат Саралинов, Раатбек Санатбаев, Алмаз Мусабеков, Болот Ногойбаев, Баяман Эркинбаев, Ильяс Байсырахманов жана Саадан Ниязов бар. Ысык-Көлдө, Таласта, Чүйдө дагы иштедим. Азыр сегиз окуучум Жогорку Кеңештин депутаты.

— Ал-абалыңызды сурап турушабы?

— Ооба, үйгө мейман болуп келишет. Спорттук иш-чараларга мени байма-бай чакырып, алып барып турушат.

© Sputnik / из личного архива Сарыгула ЧекироваКРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу 40 жылдан ашык спортчуларды тарбиялаган
КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу 40 жылдан ашык спортчуларды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
1/2
КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу 40 жылдан ашык спортчуларды тарбиялаган
© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүСССРдин күрөш боюнча спорттун чебери вьетнамдык жаш балбандар менен
СССРдин күрөш боюнча спорттун чебери вьетнамдык жаш балбандар менен - Sputnik Кыргызстан
2/2
СССРдин күрөш боюнча спорттун чебери вьетнамдык жаш балбандар менен
1/2
КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу 40 жылдан ашык спортчуларды тарбиялаган
2/2
СССРдин күрөш боюнча спорттун чебери вьетнамдык жаш балбандар менен

— Кыргыз ССРинин башкы машыктыруучусу болуп турганда башка мамлекеттер жумуш сунуштап чакырса керек?

— Союз маалында андай сунуштар коңшу өлкөлөрдөн түштү. Бирок ата-энем, жакындарым Кыргызстанда болсо, мага чет жакка эмне бар деп макул болчу эмесмин.

— 1990-жылдарда өлкөдө сумо спортунун жандануусуна да салым кошкондордун башында тургансыз. Иш кандай башталды эле?

— Эгемендик алган жылдары Японияга чакыруу келип, ата мекендик спортчуларды даярдап алып баргам. Кийин ал балбандар эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чараларга катышып, байгелүү кайта башташты. Эсимде, Япониядагы сумо боюнча мелдешке Баяман Эркинбаевди эки жолу алып бардым. Ошентип Кыргызстанда аталган спорттун түрү жолго салынып, федерация ачылган. 

© Sputnik / Мирбек СакеновСарыгул Чекиров Кыргызстанга сумо спортун алып келгендердин бири
Мастер спорта Советского Союза по вольной борьбе, заслуженный тренер КР Сарыгул Чекиров - Sputnik Кыргызстан
Сарыгул Чекиров Кыргызстанга сумо спортун алып келгендердин бири

— Жалпы жонунан 40 жылдай жаштарды тарбиялапсыз, мамлекет кандай көңүл буруп жатат?

— Кудайга шүгүр, бардыгы жакшы.

— Соңку суроо болсун. Мыкты спортчу болуу үчүн эмне керек?

— Бир нерсе чыга турган балдар шак эле билинип көзгө урунат. Андан ары анын өнөрүн машыктыруучу жолго салат. Ошол учурда спортчу дисциплинаны сактап, устатынын айтканынан чыкпашы керек. Антпесе канча аракет кылба, жыйынтык болбойт. Дегеним, режимди сактап, тамак-ашына көңүл буруп толук спорт менен арбалып жашашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0