Күрөш боюнча Азия чемпионатынын акыркы күнү. Учурда эмне болуп жатат?

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по вольной борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн эркин күрөш боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулат.

Анда өлкө намысын Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Муслим Евлоев (74 кг), Динислам Таалайбек уулу (86 кг), Бактияр Карагул уулу (92 кг) жана Мурат Рамонов (125 кг) коргойт.

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
Кечээ, 3-мартта эркин күрөш боюнча медалдын дагы беш топтому ойнотулган, бирок бир да кыргызстандык байге алган эмес.

27-28-февраль күндөрү грек-рим күрөшү боюнча курама команда 8 медаль топтоп, командалык эсепте биринчи орунду ээлеген. Ал эми 1-2-март күндөрү өткөн кыз-келиндер арасындагы беттеште Кыргызстандын капчыгына бир коло байге буйруду.

27-мартта башталган күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты бүгүн, 4-мартта жыйынтыкталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0