Эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Учурда эмне болуп жатат?

© AFP / MANAN VATSYAYANAБалбандар күрөш учурунда. Архив
Балбандар күрөш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн эркин күрөш боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулат.

Өлкө намысын Алмаз Сманбеков (57 кг), Эрназар Акматалиев (65 кг), Эламан Догдурбек уулу (70 кг), Атай Изабеков (79 кг) жана Айбек Усупов (97 кг) коргойт. 

Эртең дагы эркин күрөш боюнча беш салмак категорияда кармаш өтөт. 

Буга чейин грек-рим күрөшү курама команда 8 медаль топтоп, жалпы эсеп менен биринчи орунду алган. Ал эми кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча жалгыз гана бир коло байге бар. 

27-мартта башталган күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты 4-мартта жыйынтыкталмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0