Атабек Азисбеков Кыргызстанга дагы бир күмүш байге алып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековБорец греко-римского стиля Атабек Азисбеков
Борец греко-римского стиля Атабек Азисбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атабек Азисбеков Казакстандан келген Асхат Дилмухамедов менен кармашкан

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков күмүш медалга ээ болду.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Акжол Махмудов алтын тагынып Азия чемпиону болду
Ал финалда Казакстандан келген Асхат Дилмухамедов менен кармашкан. Оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсеби менен кыргызстандык спортчунун пайдасына чечилген. Бирок экинчи бөлүктүн акыркы мүнөтүндө Азисбековду атаандашы партерден көтөрүп эки жолу айландырып жиберген. Натыйжада 5:3 эсеби менен казакстандык спортчу жеңишке жетти.

Атабек Азисбеков грек-рим күрөшү боюнча 82 килограмм салмак ченде чейрек финалда өзбекстандык Нурбек Касымбековду жеңсе, индиялык балбанды 5:0 эсеби менен багындырган.

Буга чейин Акжол Махмудов Кыргызстан курама командасынын куржунуна алгачкы алтынды камсыздап берди. Ал эми Каныбек Жолчубеков коло медалга ээ болгон. Кечээ, чемпионаттын биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (55 кг) экинчи орунду камсыздап, күмүш тагынды. Ошондой эле дагы бир күмүш медалга Урмат Аматов (63 кг) ээ болсо, Азат Бейшебеков (87 кг) менен Мурат Рамонов (130 кг) коло байгеге татыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0