Бишкектеги Азия чемпионатынын медалдары кандай болот. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе
Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Континет биринчилигинде күрөштүн үч түрү боюнча медалдин 30 комплектиси ойнотулат

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик күрөш Азия чемпионатында тапшырыла турган медалдардын үлгүлөрүн көрөсөттү.

Дүйнө биринчилиги 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкек калаасында өтүп, ага 38 мамлекеттик спортчулары катышат.

Металлдык эритиндисинен куюлган медалдар алтындын, күмүштүн жанаколонун буусуна кармалат. 

© пресс-служба ГАМФКиСАзия чемпионатында тапшырыла турган турган медалдар
Медали Чемпионата Азии по спортивной борьбе - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпионатында тапшырыла турган турган медалдар

Алардын чыгып турган жерлери жөнөкөй, ал эми арты жаркырап турат. Сегиз кырдуу медалдын диаметри 70 миллиметр, калыңдыгы 6 миллиметр, ал эми салмагы 170 граммадан кем эмес. 

Андан сырткары UWW белгиси түшүрүлүп, мелдештин аты англис тилинде жазылган. Ал эми илбирстин түшүрүлгөн сүрөтү Азия чемпионатынын тумары катары таанылган. 

Международный турнир борцов греко-римского стиля в Оше - Sputnik Кыргызстан
Канат Аманкулов: күрөш спортуна мамлекет жакшы каражат бөлөт
Четинде кыргыздын оюулары тартылып, ага кызыл, көк жана жашыл тасмалар тагылган. Мындан сырткары эстелик медалдар да даярдалганы маалым болду.

Мелдеште медалдын 30 комплектиси ойнотулуп, балбандар грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча күч сынашат. Кыргызстандын курама командасына намыс талаша турган 25 спортчу кирди

Бүгүнкү күндө Бишкекке Афганистан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Корея, Түндүк Корея, Монголия, Палестин, Катар, Таиланд, Түркмөнстан жана Өзбектстан өлкөлөрүнүн спортчулары келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0