Кышкы Олимпиаданын жабылыш аземинде Россия өз туусун көтөрүп чыкпайт

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын жна олимпиада оюндарынын желектери. Архив
Россиянын жна олимпиада оюндарынын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык олимпиада комитети Россияны мелдештердин аягына чейин оюндардан убактылуу четтетүү чечимин күчүндө калтырды

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Эл аралык олимпиада комитети Россиянын спортчуларына кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземинде өз мамлекетинин туусун көтөрүп чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Кыргызстандык спортчулар Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада-2018: кыргызстандык спортчулардын качан кайтары белгилүү болду
Мындай чечим олимпиада комитетинин аткаруучу комитетинин 132-жыйынында кабыл алынган. Ошондой эле эки спортчунун допингге каршы эрежелерди бузгандыгы үчүн Россиянын Олимпиада комитетин Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлүгүнөн четтетүүнү күчүндө калтырууну чечишкен. Убактылуу чектөө Олимпиада оюндарынан кийин алынат.

Эл аралык олимпиада комитети Россияны мүчөлүктөн 5-декабрда убактылуу чыгарган, бирок Россиянын "таза" оюнчуларын 2018-жылкы кышкы оюндарга олимпиаданын желеги алдында катышуусуна уруксат берген.

Крелинг боюнча коло медалга ээ болгон Александр Крушельницкийден допинг табылган. Ал Анастасия Брызгалова менен бир командада болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0