Алдыңкы волейболчу Марина: мышыктын айынан мелдешке катышпай кала жаздаганбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКапитан сборной КР по волейболу Марина Гришаева
Капитан сборной КР по волейболу Марина Гришаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кыз топ чапканда... карап эле тургуң келет. Марина Гришаева Кыргызстандагы алдыңкы волейболчулардын бири. Аны спорттук жетишкендиктери оголе көп.

Бийитикти топ менен багындырган Марина Гришаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, үй-бүлөсү, спорттогу жолу жана аркалаган жумушу тууралуу айтып берди.

— Бала чагыңыз, ата-энеңиз тууралуу кеп салсаңыз.

— Бишкек шаарында туулуп-өскөм. Бала кезимде жаным тынчу эмес. Ата-энем үйгө алып кире албай убара тартчу. Эшикте ролик, скейт, велосипед тээп, дегеле оюн дегендин баарын ойнодум. Ошол кезде эле спортко болгон кызыгуум артты. Атамдын кесиби инженер-куруучу болсо да, футболду жакшы ойночу. Апам акушер, кезинде жеңил атлетика жана волейбол менен алектенген. Бир тууган агам геология тармагы боюнча эмгектенет. Анын каратэ боюнча жакшы жыйынтыктары бар. Мындайча айтканда үй-бүлөм спортко жакын. Ата-энем мени татыктуу тарбиялоо үчүн бардык күчүн жумшады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВолейболчу Марина Гришаева: үй-бүлөм спортко жакын. Ата-энем мени татыктуу тарбиялоо үчүн бардык күчүн жумшады
Капитан сборной КР по волейболу Марина Гришаева - Sputnik Кыргызстан
Волейболчу Марина Гришаева: үй-бүлөм спортко жакын. Ата-энем мени татыктуу тарбиялоо үчүн бардык күчүн жумшады

— Спорттогу жолуңуз жана жетишкендиктериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Башында сууда сүзүү менен алектенгем. Ал жакка курбум алып барган. Эки жылдай машыккандан кийин мага жат нерсе экенин түшүндүм. Көп өтпөй мектепте волейбол секциясына тандоо жүрүп, мени да катарга алышты. Ошондогу биринчи машыктыруучум Виктор Щелоков агай эле. Волейбол бат эле өзүнө арбап алды. Ар бир машыгуудан ырахат алдым. Оюндун арты менен мектептегилердин оозуна алына баштадым. Мындан ары өсүш керек болду. Анан апам мени машыктыруучу Рустам Бектемировун колуна өткөрүп берди. Ошол мезгилден тарта түйшүктүү машыгуулар, окуу-машыгуу жыйындары, чет жактагы мелдештерге чыгуу деген нерселер башталды.

Учурдун мыкты волейболчулары кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Колу Коконго, буту Букарга жеткен оюнчулар. Учурдун мыкты волейболчулары кимдер?
Тер төккөн машыгуулар майнабын бербей койгон жок. Волейбол боюнча КРдин спорт чебери, Волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты оюнчу" аталып, команда менен өлкөнүн спартакиадасында, биринчилигинде, кум жээктеги чемпионатында бир нече жолу алдыңкы орунду багындырдык. 2017-жылы Ислам тилектештик оюндарында коло медаль алганбыз. Бул оюн бөтөнчө эсимде калды. Мелдешти уюштуруу ишине сөз жок. Жеңишке жеткенде өлкө желеги көтөрүлүп, тепкичте тургандагы сезимди сөз менен жеткирүү кыйын.

— Утканга караганда жеңилген көбүрөөк эсте калат деп коюшат экен?

— Мен үчүн жеңиш менен жеңилүү бирдей эле сезим. Жеңиш сенин мыкты экендигиңди тастыктаса, утулуп калуу катачылыктар менен иштөөгө жардам берет. Спорт — чексиз дүйнө. Тер агызган машыгуу, жеңиш, ыза, ийгилик, жаракат, мунун баары сени чыйралтат. Жан дүйнөңдө кандайдар бир күчкө, жоопкерчиликке, эркке, алга умтулууга ээ болосуң. Анан да команда менен ойногондун бир жакшы жери — бардык адам менен тил табышканды үйрөнөсүң. Жашоодо бул абдан жардам берет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВолейболчу Марина Гришаева: жеңишке жеткенде өлкө желеги көтөрүлүп, тепкичте тургандагы сезимди сөз менен жеткирүү кыйын
Капитан сборной КР по волейболу Марина Гришаева - Sputnik Кыргызстан
Волейболчу Марина Гришаева: жеңишке жеткенде өлкө желеги көтөрүлүп, тепкичте тургандагы сезимди сөз менен жеткирүү кыйын

— Балким мелдеш учурундагы кызыктуу учурлардан айтып берээрсиз?

рек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, КРдин бир нече жолку чемпиону Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Жолчубеков: жубайым эки балама кошуп мени да тарбиялап жатат
— Бир жолу мелдешке поезд менен жөнөп калдык. Кезектеги аялдамадан мышык көрүп, боорубуз ачып, кыздар жаныбызга алып алдык. Анан бажы көзөмөлүнө келгенде текшерүү жүрүп, аз жерден бардык команданы түшүрүп кое жаздашты. Анткени мышыктын документи жок болчу. Бирок ошого карабай кыздар текшерип бүткүчө аны жаап-жашырып атып алып калдык. Ошентип биз менен аягына чейин барды, андан ары жол көрсөткөн кызматчыга берип койдук. Баары ойдогудай эле чечилди. Бирок машыктыруучудан тил укканбыз.

— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?

— Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин жана Бишкек гуманитардык университетинин психология бөлүмүн аяктагам. Кошумча Гештальт жана психодрам Москва институнунда билимимди жогорулаткам.

Беш жылдан бери "Илим" психологиялык жактан колдоо жана билим берүү комплексинин алдындагы борбордо психолог катары эмгектенем. Кошумча жеке ишкерлик чөйрөдө юристмин. Бирок психолог катары иштеп жашоодо көп нерсени үйрөнө алдым. Биздин борборго ар кандай курактагы адамдар келет, ар биринин өз тарыхы бар дегендей. Жумушумда моралдык жардам көрсөткөндөн сырткары тренинг, семинанарларды өтүп турабыз. Жумуш оңой эмес, эмоция, күч, сезим, энергия кетет. Бирок ишим кызыктуу жана таасирдүү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВолейболчу Марина Гришаева: мен үчүн жеңиш менен жеңилүү бирдей эле сезим. Жеңиш сенин мыкты экендигиңди тастыктаса, утулуп калуу катачылыктар менен иштөөгө жардам берет
Сборная КР по волейболу - Sputnik Кыргызстан
Волейболчу Марина Гришаева: мен үчүн жеңиш менен жеңилүү бирдей эле сезим. Жеңиш сенин мыкты экендигиңди тастыктаса, утулуп калуу катачылыктар менен иштөөгө жардам берет

— Эки жумушта иштесеңиз, кайра спорт менен машыгып жыйынтык да көрсөтүп жатасыз. Эс алганга убактыңыз болобу?

— Өтө аз. Бош убактымды үй-бүлөм менен өткөргөнгө аракет кылам. Анан да өзүмө убакыт бөлгөндү унутпайм. Маселен, киного, театрга баш багып, китеп окуп, жаратылышка чыгып, достор менен жолугуп турам.

— Жеке жашооңуз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Бул тууралуу эч нерсе деп айта албайм. Кыскача айтсам, турмуш кура элекмин.

— Кандай мырзалар жагат?

— Сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү, жан дүйнөсү бекем, романтик, камкор, чынчыл, ачык жана тамашөкөй мырзалар жагат.

— Келечекте кандай пландарыңыз бар?

— Биринчи кезекте үй-бүлө куруу тууралуу ойлонуш керек. Спортко дагы, психологияга да байланыштуу жакшы долбоорлор бар. Жалпысынан өзүмдү өнүктүрүүгө күч жумшайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0