Кыргызстандык жеңил атлетчилер Ташкенттеги эл аралык турнирге катышат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМарафончулар. Архив
Марафончулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамагенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 171 сом бөлүнгөн

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандык жеңил атлетика боюнча жаштардын курама командасы Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Турнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
WEF Global 11 турниринде кимдер кыл чайнашат? Мушкерлердин файткарды
Мелдеш бүгүн, 22-февралда, башталып 26-февралда жыйынтыкталат. Анда өлкө намысын 13 спортчу коргомокчу. Жеңил атлетчилер машыктыруучулар Людмила Нучипуренко менен Куштарбек Таштанбековдун көзөмөлүндө.

Буга мамагенттиктин алдындагы спортун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 171 миң сом бөлүнгөн.

Ушу тапта аралаш мушташ дүйнөнүн чар тарабында белгилүү болууда. Күн мурун Рамзан Кадыровдун уулдары казакстандык мушкер окуучунун чакырыгына жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0