Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Казакстанда машыгууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБоксчулар машыгуу учурунда. Архив
Боксчулар машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курама команда ушул жылдын 18-августунан 2-сентябрына чейин Индонезиянын борбору Жакартада өтө турчу Азия оюндарына карата даярдык көрүүдө.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бокс боюнча курама команда башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев менен биргеликте Казакстандын Алматы шаарында окуу-машыгууларын баштады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Учурдун мыкты волейболчулары кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Колу Коконго, буту Букарга жеткен оюнчулар. Учурдун мыкты волейболчулары кимдер?
19-февралда башталган машыгуу 4-мартта жыйынтыкталат. Буга спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 325 миң сом бөлүндү.

Эскерте кетсек, курама команда ушул жылдын 18-августунан 2-сентябрга чейин Индонезиянын борбору Жакартада өтө турчу Азия оюндарына карата даярдык көрүүдө.

Бокс боюнча курама команданын тизмеси:

Мирлан Түркбай уулу жана Сыргак Жансейитов — 49 килограммга чейин

Жаныбек Мусаев — 52 килограммга чейин

Сирожиддин Абдуллаев — 56 килограммга чейин

Бек Камчыбеков жана Нурлан Кобашев — 64 килограммга чейин

Абдурахим Абдурахманов — 69 килограммга чейин

Ильяс Муканбетов — 75 килограммга чейин

Эркин Адылбек уулу — 81 килограммга чейин

Башкы машыктыруучу — Данияр Жусубалиев

Улук машыктыруучу — Жылдыз Ниязалиев

Ал эми дзюдо боюнча курама команда 21-25 февраль күндөрү Германиянын Дюссельдорф шаарында өтө турчу "Гран-Слам" эл аралык турнирине катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0