Көчмөндөр оюндары качан башталып, канча спортчу катышары такталды

© Sputnik / Табылды КадырбековII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндарга даярдыкты баштоого өкмөт башчы 2017-жылдын 15-декабрында расмий старт берген

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Быйыл өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтөрүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Көчмөндөр оюндарындагы театралык көрсөтүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
III Көчмөндөр оюндарынын кандай өзгөчөлүгү болору айтылды
Мелдеш улуттук спорттун 36 түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышары болжолдонууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын 15-декабрында салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө үчүнчү ирет өтүүчү Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берген.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын промо-ролиги чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0