КР спортчулары пауэрлифтинг боюнча майыптар арасындагы Дүйнө кубогунда катышат

© REUTERS / PILAR OLIVARESПаралимпийские игры. Пауэрлифтинг. Мужчины 54кг
Паралимпийские игры. Пауэрлифтинг. Мужчины 54кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө намысын беш спортчу коргойт

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы курама командасы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким? - Sputnik Кыргызстан
Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
Мелдеш 16-24 февраль күндөрү Дубай шаарында өтөт. Анда өлкө намысын Эсен Калиев, Сагынбек Махаматкул уулу, Жыргалбек Оросбаев, Максат Аргымбаев жана Адилет Камчыбеков коргойт. Спорчуларды машыктыруучу Аднан Джабраилов коштоп барат.

Мамагенттиктин олимпиадалык эмес спорт боюнча дирекциясынан буга 552 миң сом бөлүндү.

Баса, мелдеште бактысын сынай турчу Жыргалбек Оросбаев "Sports Awards-2017" версиясында "Паралимпиада боюнча мыкты спортчу" наамына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0