Олимпиада чемпиону Мария Кулчунова 60 жашта. Спортчу тууралуу 7 факты

© Sputnik / Р. Максимов / Медиабанкка өтүүМария Кульчунова
Мария Кульчунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 9-февралда, СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, жеңил атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Мария Жумабай кызы 60 жашка толуп, үй-бүлөсү, достору, замандаштары куттуктап жаткан учуру.

Чоң спортко кадамын 1970-жылдары баштап, 20 жолу рекорд жаратып, бийиктиктерди багындырган кыргыз кызы Мария тууралуу кызыктуу 7 фактыны спорттук баяндамачы Кабыл Макешов айтып берет.

1. Жолчунун кызы. Мария 1958-жылы 9-февралда Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жолчунун үй-бүлөсүндө туулган. Сегиз бир туугандын бешинчиси. Атасы Жумабай, атбашылык, черик уруусунан. Чоң аталары кулакка тартылып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Кийин Кыргызстандын Ивановка айлына көчүп келишкен. 

© Sputnik / Максимов / Медиабанкка өтүүСССР спортунун эмгек сиңирген чебери, жеңил атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Мария Жумабай кызы
Член Олимпийской команды СССР Мария Кульчунова - Sputnik Кыргызстан
СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, жеңил атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Мария Жумабай кызы

2. Спортко карай жол. Мария Бишкектеги Надежда Крупская атындагы спорттук мектеп-интернатта (азыркы Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы — ред.) билим алып, тагдырын спортто сынап, бак-таалайын да, урмат-сыйды да спорттон тапкан. 16 жашында СССРдин тандалма командасынын мүчөсү болгон. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясын бүткөн. СССРдин алты жана СССР элдеринин спартакиадаларында беш жолку чемпиону болгон. Устаты — Кыргызстанга, Украинага жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Вячеслав Зелинский.

Лыжник Тариэль Жаркымбаев - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадада кыргыз туусун көтөрүп чыкчу Тариэл Жаркымбаев тууралуу 6 факты
3. Олимпиададагы алтын. Жеңил атлетиканын чуркоо түрүнөн союздук мелдештерде жеңишке жетишип, өлкөнүн курама командасынын катарына кошулуу ал мезгилде кыйын эле. Карапайым кыргыздын кызы Мария союзга гана таанылбастан, СССРдин курама командасынына кирип,  1988-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн Олимпиадада эстафеталык жарышта Татьяна Ледовская, Ольга Назарова жана Ольга Брызгина менен өнөктөш болуп, дүйнөлүк рекорд коюп (3:15.17) койгон. Алтын медалга жетип, Олимпиада чемпиону аталган. Ага чейин 1987-жылы Европа чемпиону болгон. Ал эми 1983-жылы Хельсинкидеги дүйнөлүк чемпионатта эки коло медаль жеңип, мыктылардын сабына кошулган. 1987-жылы Рим шаарында өткөн дүйнө чемпионатында марага экинчи болуп келип, күмүш медаль тагынган. 
© Sputnik / Р. Максимов / Медиабанкка өтүүУкраина ССРинин эстафета командасы (солдон оңго): Нина Зюськова, Мария Кулчунова, Татьяна Прореченко жана Ирина Ольховникова. СССР элдеринин жайкы спартакиадасынын жеңүүчүлөрү
Эстафетная команда Украинской ССР - Sputnik Кыргызстан
Украина ССРинин эстафета командасы (солдон оңго): Нина Зюськова, Мария Кулчунова, Татьяна Прореченко жана Ирина Ольховникова. СССР элдеринин жайкы спартакиадасынын жеңүүчүлөрү

4. Насаатчылык. Сеул Олимпиадасындагы жеңишинен кийин Мария чоң спорттон кетип, "Спартак" спорт коомунда машыктыруучу болуп жүрдү. Жаштарга насаатчы болуп, бай тажрыйбасын бөлүштү. Учурда Якутск шаарында жашайт. Жеңил атлетика боюнча Якутиянын башкы машыктыруучусу жана Якутиянын жеңил атлетика федерациясынын вице-президенти.

5. Жеке турмушу. Өмүрлүк жары 64 жаштагы Павел Пинигин да СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын чемпиону. Эркин күрөш боюнча Саха Республикасынын улук машыктыруучусу, "Динамо" спорт коомунун жетекчиси болуп иштейт. Ошондой эле күрөштөн дүйнө, Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында Кыргызстандын эл аралык калысы да болгон. Мария күйөөсүнүн фамилиясын алып, экөө Павел, Темир жана Шамил деген үч уулдуу болушкан. Эки уулу Москва шаарында, ал эми Темири АКШда билим алып, иштеп жүрөт. 

6. 20 ирет жаңыланган рекорд. Мариянын рекорддору: 200 метрге — 23.08 секунд, 400 метрге — 49.19 секунд болгон.

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүү1976-жылы Монреалда өткөн Олимпиада оюндарынын чемпиону, мушкер Павел Пинигин жана 1988-жылы Сеул Олимпиадасынын чемпиону, жөө күлүк Мария Пинигине Якутскидеги Олимпиада отунун эстафетасында
Борец, чемпион Олимпийских игр в Монреале 1976 года Павел Пинигин и легкоатлетка, чемпион Олимпийских игр в Сеуле 1988 года Мария Пинигина во время Эстафеты Олимпийского огня в Якутске - Sputnik Кыргызстан
1976-жылы Монреалда өткөн Олимпиада оюндарынын чемпиону, мушкер Павел Пинигин жана 1988-жылы Сеул Олимпиадасынын чемпиону, жөө күлүк Мария Пинигине Якутскидеги Олимпиада отунун эстафетасында

Церемония открытия XXII зимних Олимпийских игр - Sputnik Кыргызстан
Эгемен Кыргызстандын спортчулары кышкы Олимпиададан эмне менен кайткан. Тизме
7. Сыйлыктары. Союз учурунда Киев шаарында машыккандыктан анын спорттук көрсөткүчтөрү Украина өлкөсү үчүн жазылып калган. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери деген ардак наамга арзыган. СССРдин "Ардак белгиси" ордени, Саха Респуликасынын эң жогорку сыйлыгы "Полярная Звезда" ордени, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин "Алтын ордени" менен сыйланган. Якутиянын ардактуу атуулу. Олимпиада чемпиондору болушкан Мария менен Павел тууралуу былтыр даректүү тасма тартылган.

Бүгүн Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиаданын ачылыш салтанаты өтөт. 25-февралга чейин улана турган оюндарга Кыргызстандын атынан эки спортчу катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0