КРдин эркин күрөш боюнча курама командасы "TAHTI CUP" турнирине катышат

Жазылуу
Балбандар 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына даярдануу үчүн мелдешке жөнөтүлүп жатат

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы эл аралык "TAHTI CUP" аталышындагы турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Лыжник Тариэль Жаркымбаев - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадада кыргыз туусун көтөрүп чыкчу Тариэл Жаркымбаев тууралуу 6 факты
Мелдеш 8-9 февраль күндөрү Ирандын Табриз шаарында өтөт.

Маалыматка ылайык, балбандар 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына даярдануу үчүн мелдешке жөнөтүлүп жатат.

Курама команданын мелдешке катышуусу үчүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 515 миң сом каралган.

Аталган таймашта өлкө намысын төмөнкү спортчулар коргойт:

Алмаз Сманбеков — 57 килограмм;

Улукбек Жолдошбеков — 60 килограмм;

Эрназар Акматалиев — 65 килограмм;

Догдурбек уулу Эламан — 70 килограмм;

Сыргак уулу Мансур — 70 килограмм;

Бекжан Камчыбеков — 74 килограмм;

Атай Изабеков — 79 килограмм;

Таалайбек уулу Динислам — 86 килограмм;

Карагул уулу Бактияр — 92 килограмм;

Айбек Усупов — 97 килограмм;

Таабалды уулу Сүймөнкул — улук машыктыруучу;

Русланбек Мажинов — башкы машыктыруучу.

Мухаммед Абитов — калыс.

Жаңылыктар түрмөгү
0