Жолчубеков менен Сулайманов дүйнөдөгү мыкты балбандардын тизмесин толуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизме январь айында өткөрүлгөн Yariugin Grand Prix жана Takhti Cup турнирлеринин жыйынтыгынын негизинде чыгарылды

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк күрөш федерациясы (UWW) январь айына карата балбандардын жаңы тизмесин жарыялады.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-турган турган балбандары ким? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Тизме январь айында өткөрүлгөн Yariugin Grand Prix жана Takhti Cup турнирлеринин жыйынтыгынын негизинде чыгарылды.

Анда 60 килограмм салмак ченинде Каныбек Жолчубеков биринчи, ушул эле категорияда Рустам Тейишов алтынчы орунда турат. Ал эми 63 килограмм салмакта Калы Сулайманов биринчи, ушул эле категорияда Урмат Аматов төртүнчү орунда көрсөтүлгөн. Дагы бир балбан Самат Шырдаков 87 килограмм салмактагылар арасында бештикке кирген.

Мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн балбандар Иранда өткөн турнирде өз салмак ченинде жетиштүү упай топтоп жетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0