Шевченко менен Кечоейранын 3-февралдагы беттешин көрсөтчү каналдар жана сайттар

© REUTERS / Perry NelsonБой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес
Бой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC мушкер кыздарынын таймашын кайсы каналдан канчада көрүүгө мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан билсеңиз болот

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ушул ишемби күнү аралаш мушташ боюнча UFC Fight Night 125 турниринде Валентина Шевченко жаңы, 57 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашмакчы. 

Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Шевченко колдонгон ыкма 2017-жылдагы UFC рейтингинин бештигине кирди
Жарым оор салмактагы экс-чемпион Лиото Мачида менен эч бир утулуп көрбөгөн америкалык мушкер Эрик Андерстин мушташы кеченин башкы беттеши болот.

Мындан тышкары, кыргызстандык Шевченконун UFC октагонуна биринчи ирет чыгып жаткан бразилиялык Присцилла Кечоейранын таймашы да бүйүр кызытаары айтылууда. 

Мелдештин алдында Sputnik редакциясы UFC Fight Night 125 турнирин түз алып берчү телеканалдар жана сайттар тууралуу маалымат сунуштайт.

Турнир кайда өтөт?

Иш-чара Бразилиянын түндүгүндө жайгашкан Пата штатынын Белем шаарындагы Guilherme Paraense аренасында тартууланат. Спорттук комплекс 12 миң көрүүчүгө ылайыкташкан.

Беттештер канчада башталат?

Тайбокс жана жекеме-жеке таймаш боюнча көп жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
7 жылдан кийин Кыргызстанга келген Шевченко: "Ош" базардагы түртүшмөйдү да сагындым
Таймаш Бразилиянын өзүндө ишемби күнү кечинде башталат. Бишкек менен Белем шаарларынын ортосундагы 9 сааттык айырмачылыгынан улам кыргызстандыктар иш-чарага жекшемби күнү (4-февралда) күбө боло алышат.

Жүгүртмөгө ылайык, болжолдуу беттештер Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5.00гө белгиленген. Алардын артынан саат 7.00дө негизги таймаштар өтөт. Шевченко менен Кечоейранын беттеши болжол менен саат 8.00дөн 9.00гө чейинки аралыкта болот. Убактысы башка беттештердин жүрүшүнөн улам жылып кетүүсү мүмкүн.

Кайсы ТВ жана сайттар көрсөтөт?

Түз алып берүү коммеррциялык негизде болгондуктан КР каналдарынан көрсөтүлбөйт.

Спутник телевидениеси аркылуу онлайн режимде көрүүгө болот. Төмөндө турнирди көрсөтө турган онлайн-каналдар менен сайттардын тизмеси. Эскерте кетчү жагдай, трансляцияга укугу жок каналдар жабылып калышы мүмкүн.

— UFC уюмунун "ВКонтакте" тармагындагы тобу 

— "Сила ТВ" спорт каналынын сайты 

— BEST of MMA тобунун "ВКонтакте" тармагынан

— ValeTudo.ru россиялык сайты

— VseMMA.ru порталы

— Rostrek.com спорт порталы

— Fighttime.ru порталы 

— Cageside.ru сайты

Ал эми спутник телевидениеси аркылуу иш-чараны Американын Fox Sports каналы көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0