Рингде жеңилип көрбөгөн Акжол Сулайманбек уулу кезектеги беттешин өткөрөт

© Фото / предоставлено Акжолом Сулайманбек уулуБоксер Акжол Сулайманбек уулу
Боксер Акжол Сулайманбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бокс боюнча турнир 13-февралда Екатеринбург шаарындагы "Дом Печати" спорт клубунда өтөт

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу RCC Boxing промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган "Extra Round 6" турниринде күч сынашат. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү тастыктады.

Мелдеш 13-февралда Екатеринбург шаарындагы "Дом Печати" спорт клубунда өтөт. Турнирдин алкагында 14 беттеш каралган. Анын биринде Акжол Сулайманбек уулу 59 килограмм салмак ченинде колумбиялык мушкер Девис Перез менен бет келет.

Кыргыз мушкери Акжол буга чейин профессионалдар арасында тогуз ирет беттеш өткөрүп, бир да жолу утулган эмес.

Боксчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рингде жеңилип көрбөгөн мушкер Акжол. Кийин Баткенге кайрылып келем
Ал 1990-жылы Баткен облусунда туулган. Бокс менен 2000-жылдан тарта алектенип келет. Аталган спорттун түрү боюнча КРдин үч жолку чемпиону. 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында спорттук карьерасын улантууда.

Чет өлкөдө ар тараптан ийгилик жараткан мекендештерибиз арбын. Арасында иштеп да, окуп да, тер төгө машыгып да эл аралык деңгээлдеги турнирлерде намыска жараган спортчулардан уучубуз кур эмес.

Сыртта кыргыздын желегин желбиретип, гимнин ойноткон спортчулар, спорт клубдар тууралуу материалды бул жактан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0