Швейцариялыктар кыргызстандык гиддерге лыжа мектебин ачууну үйрөттү

Жазылуу
Иш-чара "Каракол" лыжа базасында болду

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Швейцариялык "Бивио" лыжа мектеби кышкы спорттун кыргызстандык сүйүүчүлөрүнө жана гиддерге кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча бир нече күнгө созулган сабак өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган мектептин катышуучусу Гүлбара Оморова маалымдады.

Иш-чара "Каракол" лыжа базасында болгон.

"Швейцариядан келген эки жана жергиликтүү сегиз инструктор 30 адамды 5 топко бөлүп алып сабак өтүштү. Катышуучуларга лыжа, сноуборддорду даярдоо, оңдоо, туура тандоо боюнча маалымат берилди. Мындан сырткары, туризмди өнүктрүү, Щвейцария мектебинин тажрыйбасы, лыжа мектебин Кыргызстанда ачуу жана башкаруу боюнча билим беришти", — деди Оморова.

Анын айтымында,"Бивио" лыжа мектеби биринчи ирет Кыргызстанга 2015-жылы келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0