Мушкер Актилек Жумабек уулу кийинки беттешин Россияда өткөрөт

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу. Архив
Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир 23-февралда Россиянын Салехард шаарында өтөт. Анда Жумабек уулу жергиликтүү спортчу Ислам Хациев менен беттешет.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу АFC (Arctic Fighting Championship — ред.) спорттук лигасынын турниринде күч сынашат. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчу өзү тастыктады.

Кыргызстандык мушкер Нуралы Карыбаев - Sputnik Кыргызстан
Акча табылды! Мушкер Нуралыны Азия оюндарынын тандоо туруна айылдаштары жибермекчи
Турнир 23-февралда Россиянын Салехард шаарында өтөт. Анда Жумабек уулу жергиликтүү спортчу Ислам Хациев менен беттешет.

Спортто "Алгыр" каймана аты менен таанымал Актилек Жумабек уулу ММА боюнча WEF GLOBAL спорттук лигасынын жана NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону.

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча 10 жолу профессионалдуу беттеште утуп, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Актилек Жумабек уулу менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0