Иззат Артыковду таптаган чыгаан устат Үсөнкан Майназаров тууралуу 7 факты

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык спорт чебери Үсөнкан Майназаров
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык спорт чебери Үсөнкан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор атлетчилер династиясы аталып, Азиянын 20 чемпионун даярдаган чыгаан устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык спорт чебери Үсөнкан Майназаров бүгүн, 25-январда, 50 жашка толду.

Белгилүү спорт ишмери тууралуу кызыктуу 7 фактыны спорттук баяндамачы Кабыл Макешов сунуштайт.

© Фото / из личного архива Усенкана МайназароваҮсөнкан Майназаров жаш кезинде 60 килограмм салмакта союздук, эл аралык турнирлердин, Азиянын көп жолку жеңүүчүсү болгон
Главный тренер сборной по тяжелой атлетике Усенкан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Үсөнкан Майназаров жаш кезинде 60 килограмм салмакта союздук, эл аралык турнирлердин, Азиянын көп жолку жеңүүчүсү болгон

1. Чоюн билек балбандардын династиясы. Үсөнкан Майназаров Токтогул шаарчасында туулган. Төрт бир туугандын үчөө Өмүржан, Эсенкан жана Үсөнкан Майназаровдор оор атлетика боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар. Кичүүсү Улан Молдодосов Кыргызстанга эмгек сиңирген спорт чебери болсо, Өмүржандын балдары Кутман, Султан жана Үсөнкан өзү эл аралык спорт чеберлери, Азиянын көп жолку чемпиондору. Үсөнкандын уулдары Ислам менен Даулет да Кыргызстандын жаштар арасында чемпиону болуп, спорт чеберлери аталган. Агасы Эсенкандын эки уулу тең Кыргызстандын жаштар арасындагы чемпиону, спорт чеберлери.

Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул - Sputnik Кыргызстан
Кылымда бир жаралчу алп балбан Каба уулу Кожомкул тууралуу 9 факты
2. Жетишкендиктери. Жаш кезинде Үсөнкан 60 килограмм салмакта союздук, эл аралык турнирлердин, Азиянын көп жолку жеңүүчүсү болгон. Жаштар арасында СССРдин чемпиону аталган. Борбор Азиянын жана Казакстандын көп жолку чемпиону, Борбор Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Дүйнө кубогунда эки ирет алтын медаль тагынган. 1989-жылы СССР Кубогун уткан. СССРдин тандалма командасынын мүчөсү болгон. Жеке рекорду жулкуп көтөрүүдө 125 килограмм, түртүп көтөрүүдө 162 килограмм салмакты түзөт.

© Фото / из личного архива Усенкана МайназароваЧыгаан устат Азиянын 20дай чемпионун тарбиялаган
Главный тренер сборной по тяжелой атлетике Усенкан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Чыгаан устат Азиянын 20дай чемпионун тарбиялаган

3. Устаттык. Эгемендик алганы 20 жыл Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп, Азия чемпиондору Бакыт Ахмедов, Митал Шарипов, Шухрат Кочкаров, Замир Ашырбаев, Улан Молдодосов, Манас Алибаев, Кутман Молдодосов, Руслан Капаев, Султан Молдодосов, Бекзат Осмоналиев, Алексей Дудин, Сергей Долгалаев, Иззат Артыков жана башкалар анын шакирттери. Сидней, Афина, Пекин, Лондон, Рио-де-Жанейро жайкы олимпиадаларына, Хиросима, Бангкок, Пусан, Доха, Гуанджоу, Инчхон шаарларында өткөн Азия оюндарында оор атлетчилерди даярдап, баштап барган.

Советский и кыргызский кинорежиссёр Бекеш Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Залкарлардын элесин түбөлүк сактап калган Бекеш Абдылдаев тууралуу 7 факты
4. Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти. 2014-2016-жылдары КРнын олимпиадалык даярдоо борборунун, олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору болуп, спорттун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Көп ирет "Жылдын мыкты устаты" аталган. Майназаров учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинде жана Бишкек шаардык оор атлетика боюнча олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштеп жатат.

5. Өкүнүчү. Рио-де-Жанейро Олимпиадасында коло байге уткан Иззат Артыковдун укугун спорт жетекчилери коргой албаганына нааразы. Маселе азыркыга чейин эл аралык арбитраждык сотто чечилбей турат.

© Фото / из личного архива Усенкана МайназароваМайназаров кесиптештери жана машыктыруучулары менен
Главный тренер сборной по тяжелой атлетике Усенкан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Майназаров кесиптештери жана машыктыруучулары менен

6. Үсөнкан боордош казак элинин күйөө баласы. Жубайы Акмарал да жеңил атлетика боюнча СССР спорт чеберине талапкер болгон. Учурда жеңил өнөр жай тармагында технолог. Бактылуу үй-бүлө үч уул, бир кызды тарбиялап өстүрдү. Улуу баласы Ислам — мамлекеттик кызматкер. Экинчи уулу Даулет Францияда билим алууда. Кызы Канышай менен кичүү уулу Акындос — мектеп окуучулары.

7. Спорттон тышкары. Бош убактысында тарыхый китептерди окуп, футбол ойноп, ат минип, кышында лыжа тээп эс алат. Ушундай даражага жеткирген агасы Өмүржан Молдодосовду кумир тутат. Жеке ишкерлик менен да алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0