Грек-рим боюнча курама команда Ирандагы Takhti Cup турниринде ат салышат

Жазылуу
Takhti Cup турнири 2015-жылдан бери өтүп келет. Ага курама команда биринчи жолу катышууда.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 25-26 январда Иранда өтө турчу Takhti Cup турнирине катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Турнирдин алкагында 10 медаль ойнотулат.

Учурда курама командадан 30 бала Бишкекте өтө турчу Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүп жатат. Спортчулар улук машыктыруучу Азат Эркимбаевдин көзөмөлүндө.

Takhti Cup турнири 2015-жылдан бери өтүп келет. Ага курама команда биринчи жолу катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0