17:24 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
UFC көзүрү Хабиб Нурмагомедовдун архивдик сүрөтү

UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов Бишкекке келет

© AP Photo / Andre Penner
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
78721

Мушкердин кыргызстандык күйөрмандар менен жолушуусу күтүлүп жатат

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Россиядан UFC көзүрү Хабиб Нурмагомедов келе турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) башкы катчысы Саламат Эргешов билдирди.

Спортчу Бишкекке 24-январда УОК президенти Шаршенбек Абдыкеримовдун чакыруусу менен келмекчи.

Сапарынын алкагында Нурмагомедов күйөрмандары жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугат.

Хабиб Нурмагомедов — UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери. Аталган уюмдун рейтингинде мыкты 30 мушкердин катарында турат.

Тема боюнча

Конор Макгрегор россиялык Хабиб Нурмагомедовдун намысына тийген сөз айтты
Хабиб Нурмагомедов UFC чемпиону Макгрегорду беттешке чакырды
Белгилер:
мушкер, UFC, Хабиб Нурмагомедов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ