02:01 13 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR79.0615
  • RUB1.0513
WEF чемпион куру. Архивдик сүрөт

Кыргызстандык мушкерлер Бекишев менен Пазылов чемпиондук кур үчүн беттешет

© Фото / Айдар Асангазиев
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
31101

Турнир 6-мартта борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер Ариет Бекишев менен Мырзамидин Пазылов Кулатуу эр таймаш уюмунун Global сериясында чемпиондук кур үчүн күч сынашат. Бул тууралуу WEF федерациянын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

WEF Global 11 турнири 6-мартта борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

WEF уюмунун учурдагы чемпиону Ариет Бекишев наамын коргоо үчүн биринчи беттешин Мырзамидин Пазылов менен өткөрөт.

Эске сала кетсек, Бекишев менен Пазылов 2017-жылы 8-сентябрында WEF Global турниринде чемпиондук кур үчүн беттешмек, бирок Пазылов алган жаракатына байланыштуу күч сынаша албай калган.

Анын ордуна Бекишев казакстандык Рустам Сайдуллаев менен чыгып, үчүнчү раундда WEF версиясы боюнча дүйнө чемпиондугун багындырып алган.

Ал эми өткөн жылдын 22-ноябрында болгон WEF Global 10 турниринде Мырзамидин Пазылов ошол эле Рустам Сайдуллаевди биринчи раундда уткан.

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча Ариет Бекишев 7 жолу профессионалдуу беттеште утса, Пазылов 7 жолу утуп, эки жолу жеңилүү ызасын тартып калган.

WEF Global 11 турниринин дагы бир чемпиондук куру үчүн оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценко күч сынашат.

Тема боюнча

Украиналык мушкер "Ак аюу" Мамасалиевди муунтуп салды. Беттештин видеосу
ММА мушкери Жээнбеков: атаандаш таппай кыйналып келем
Белгилер:
беттешүү, Спорт, WEF, ММА, Ариет Бекишев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ