Кыргызстандыктар менен француздар Токтогулда ат үстүндө "баскетбол" ойнойт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по хорсболу в Токтогуле
Товарищеский матч по хорсболу в Токтогуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи аймактык чемпионат былтыркы жылдын февраль айында өткөрүлгөн

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кайрадан хорсбол боюнча аймактык чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган спорттун түрү боюнча федерация жетекчиси Мунарбек Кулданбаев кабарлады.

Церемония открытия зимних Азиатских игр в Саппоро - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спорту бул жылы эмнеси менен эсте калды
Мелдеш 25-январда уюштурулуп, ага Токтогул районунан беш жана Франциядан келчү команда катышат. Коноктор машыгуу үчүн бир жума эрте келери маалым болду.

Алгачкы аймактык чемпионат былтыркы жылдын февраль айында болгон. Анда аймактык атаандаштарын жеңген "Кызыл-Туу-2" командасы француздар менен жолдоштук беттешке чыккан. Оюндун жыйынтыгында коноктор 6:5 эсебинде утушка ээ болгон.

Хорсбол — Францияга таандык оюн. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылып, оюнчулар ат үстүндө беттешет. Мелдештин максаты — жерден үч метр бийиктикте орнотулган атаандаштын алкагына болушунча топту көп салуу. Ар бир командада төрттөн оюнчу болуп, 10 мүнөттүк эки таймдан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0