Кайрадан беттеш! Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global уюмунда күч сынашат

© Фото / Сейтек ТолтоевБоец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 22-февралда Мосвкадагы олимпиадалык спорт комплексте өтөт

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу кезектеги беттешин өткөрөт. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди.

Беттеш М-1 Global Ghallenge 88 турниринин алкагында 22-февралда Москва шаарындагы олимпиадалык спорт комплексте өтөт. Анда Бусурманкул Абдубаит уулу аталган уюмдун мурдагы чемпиону Максим Дивнич менен күч сынашат.

Эске сала кетсек, Абдубаит уулу М-1 Global спорттук уюму менен эки жылга келишим түзгөн. Бул спортчунун биринчи беттеши болмокчу.

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M1-Challenge 86 эл аралык турниринде бразилиялык Диего Давеллону биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мушкери бразилиялык атаандашын сулата чаап жеңишке жетти. Видео
Мушкер М-1 Global уюму менен узакка келишим түзгөнгө чейин ал жакта эки жолу беттеш өткөрүп, биринде тең чыкса, экинчисин жеңиш менен аяктаган.

Абдубаит уулу Бусурманкул 1993-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Спортто "Алай" каймана аты менен белгилүү.

2011-жылы "FIGHTER KG" спорттук клубуна келип, машыктыруучу Кенжебек Чекировдун колунда тарбиялана баштаган. Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча тогуз жолу профессионалдуу беттеште утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0