ММА мушкери Немат: апам мени беттештерде аяйт окшойт, бирок билдирбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ММА мушкери Немат Абдрашитов. Архив
Кыргызстандык ММА мушкери Немат Абдрашитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26 жаштагы Немат Абдрашитов ММА боюнча белгилүү спорттук уюмдардын турнирлеринде гана күч сынашат. Мындай маалыматты дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейингин аныктаган Sherdog порталынан көрүүгө болот.

Немат аралаш мушташ боюнча чет мамлекетте өткөн профессионалдуу сегиз беттештин жеңүүчүсү, күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпиону жана чебери.

Немат Абдрашитовдун ийгилик сырларын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинен окуңуз.

— Эмнегедир башка ЖМКлардан маектериңизди таба алган жокмун?

— Мени негизи тартынчааксың деп айтышат. Ошондуктан журналисттерге көп интервью бере албай чектелип жүрөм. Мурда мага маек бергенге эрте, элге жакшы тааныла элекмин деп ойлочумун. Бирок социалдык тармактагы спорт сүйүүчүлөр тарабынан көп суроолор келет. Ошондуктан, алардын баарына ушул интервью аркылуу жооп берейин деп чечтим.

— Мурда Москвада жашап, ошол жакта машыгып ийгилик жаратчу экенсиз. Азыр Кыргызстанда, Кызыл-Кыядасыз. Мекенге келүүгө эмне түрткү болду?

— 2011-жылы эл катары Москва шаарына тиричилик кылганы баргам. Ал жакта иштеп, спорт менен да машыгып, мүмкүнчүлүк болгондо эл аралык беттештерде күч сынашып жүрдүм. Москвада баш-аягы алты жыл болдум. Сыртта жүргөндө мекенге, ата-энеңе болгон сагынууң күчөйт экен. Анан быйыл өзүмдүн туулуп-өскөн шаарыма, тагыраагы, Кызыл-Кыядагы ата-энемдин жанына кайтып келдим.

© Фото / Жунус уулу НизамНемат Абдрашитов: Спортчу болуу — бакыт. Спортту тандап алганыма кубанам. Жашоом ага байланып калган. Бир күн машыкпай калсам, өзүмдү таштап койгондой сезем
Боец смешанный единоборств из Кыргызстана Немат Абдрашитов - Sputnik Кыргызстан
Немат Абдрашитов: Спортчу болуу — бакыт. Спортту тандап алганыма кубанам. Жашоом ага байланып калган. Бир күн машыкпай калсам, өзүмдү таштап койгондой сезем

— Сөз башынан болсун, спорт тармагына кантип аралашып калгансыз?

— Спортко бала кезимен эле кызыкчумун. Айылда машыгууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, балдар менен күрөшүү менен чектелип жүрдүм.

2007-жылы Кызыл-Кыя шаарына окууга тапшырып, кошумча "Жаш күч" спорт клубунда машыга баштагам. Ошол жактан агаларымдын жетишкендиктери мага дем күч берип, спортчу болушума түрткү беришти.

— Sherdog порталындагы көрсөткүч боюнча 8 жолу профессионалдуу беттеште утуп, алты жолу жеңилүү ызасын тартыпсыз. Жеңиш жана жеңилүү сизге эмне берет?

Алай каймана аты менен таанымал мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Бусурманкул: спорттон сырткары ыр жазып, обон созом
— Аталган порталда ката маалыматтар бар. Москвага жаңы барганда спорт сүйүүчүлөр арасында көп беттештерге катышчумун. Ошонун экөөсү Sherdog порталына катталып калган. Негизи ал жакка профессионалдуу беттештердин жыйынтыгы жүктөлөт.

Жениш деген толкундануу жана сыймык. Жеңсең, сен мыктысың. Утулуп калуу — жаңы тажрыйба. Кетирген каталарымды оңдоп, аны кайра кайталабайын деп кайрадан тер төгүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

— ММАда профессионалдар арасында ат салышуу кыйын деп айтышат. Бул жагынан сизге ким жардам берет?

— ММА спортунда күчтүү менеджериң болбосо, беделдүү турнирге чыгуу чындыгында, оор. Менин менеджерим жана досум Марат Бекмуратов аттуу жигит. Аны менен бир окуу жайда окуп, бир спорт залда машыкканбыз. Учурда Марат бир нече ата мекендик жана чет элдик спортчулардын менеджери.

— Эрежесиз уруштан сырткары  спорттун кайсы менен алектенесиз?

— Күжүрмөн самбо боюнча көп беттеш өткөргөм. Ал боюнча КРдин чемпионумун жана Мосвка шаарында өткөн Россия чемпионатында биринчи орунду алгам.

— Машыктыруучуларыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Кесипкөй спортчулардын бир нече машыктыруучулары болот. Менин биринчи жана учурдагы машыктыруучум ММАнын белгилүү мушкери Замир Сыргабаев. Кросс-фит жана оор атлетика боюнча Азат Мадалиевдин, эркин күрөш боюнча Россиядагы Петр Радуловдун колунда машыгам.

© Фото / Жунус уулу НизамНемат Абдрашитов: Кесипкөй спортчулардын бир нече машыктыруучулары болот. Менин биринчи жана учурдагы машыктыруучум ММАнын белгилүү мушкери Замир Сыргабаев.
Боец смешанный единоборств из Кыргызстана Немат Абдрашитов (слева) - Sputnik Кыргызстан
Немат Абдрашитов: Кесипкөй спортчулардын бир нече машыктыруучулары болот. Менин биринчи жана учурдагы машыктыруучум ММАнын белгилүү мушкери Замир Сыргабаев.

— Sherdog порталындагы беттештериңизди карап чыктык. Дээрлик, Кыргызстанга таандык WEF (ред. — World Ertaymash Federation)  уюмунун алкагында беттешке чыкпаптырсыз. Себеби эмнеде? Менимче, азыр ар бир экинчи кыргыз мушкери аталган уюмдун турнирлеринде күч сынашат.

— 2015-жылы аталган спорттук уюм тарабынан сунуш түшкөн. Мен анда белгилүү казакстандык мушкер Денис Муцнек менен беттешмекмин. Бирок беттешке эки жума калганда атаандашымдын жаракат алгандыгына байланыштуу октагондо жолукпай калганбыз.

— Башка өлкөнүн атынан чыгууга сунуштар түшөбү?

— Былтыр Донецк шаарында өткөн DNR-MMA турниринин алкагында бразилиялык Адилсон Рамосты жеңгем. Ошондо россиялык Артем Календеров өзүнүн "Veles" спорт клубунун атынан чыгууну сунуштаган. Ал жактын шарты жакшы болгону менен, айрым кемчиликтери да бар экен. Ошол себептен азырынча өзүмдүн "Жаш-күч" клубунан эле чыгайын дедим.

— Спортчу болуу оорбу? Болсо эмнеси менен?

— Спортчу болуу  — бакыт. Спортту тандап алганыма кубанам. Жашоом ага байланып калган. Бир күн машыкпай калсам, өзүмдү таштап койгондой сезем. Бирок спорттун экинчи тарабы да бар. Профессионалдуу мушкерлерде салмактын артынан куу жүрүү, диета, режим, жаракат алуу деген бар. Жалпысынан эрежелерди сактай билиш керек.

— Ата мекендик кайсы спортчуга чыныгы мушкер катары баа бересиз. Сиздин оюңуз боюнча UFC уюмунда күч сынашууга кимдин мүмкүнчүлүгү чоң?

— Биздин спортчулардын бардыгы сый-урматка, колдоого татыктуу. Спортту аркалоонун өзү эле эр жүрөктүк жана бекем эрк. Мен үчүн бардыгы бирдей.

Менин оюмча ким талыкпай мээнет кылса, ошол UFC лигасына жол тартат. Биздикилерден ким гана ал уюмда болбосун сөзсүз кыргыздын желегин желбиретиши керек.

— Учурда "Sports and Youth Awards-2017" версиясы боюнча "Жылдын мыкты ММА спортчусу" номинациясынын үчилтигине кириптирсиз. Жеңишиңизге ишенесизби?

— Чындыгында аны досторумдан уктум. Алар "сайтка кирип өзүңө добуш берип койбойсуңбу" деп тамашалашкан. Жеңишти эми эл чечет деп ойлойм.

— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз, кайсы жактан билим алгансыз?

— Кызыл-Кыя шаарындагы Төрөбай Кулатов атындагы Тоо-кен техникалык колледжин аяктагам. Спорттон тышкары чакан бизнесим бар.

— Спорттогу колдоочуларыңыз ким?

— Ата-энем, туугандарым, жакын досторум жана агаларым менин алмашкыс колдоочуларым.

© Фото / Жунус уулу НизамНемат Абдрашитов: Ата-энем, жакындарым беттештеримди калтырбай көрөт. Башында эрежесиз урушта күч сынашарымды билгенде кооптонуп жүрүштү
Боец смешанный единоборств из Кыргызстана Немат Абдрашитов - Sputnik Кыргызстан
Немат Абдрашитов: Ата-энем, жакындарым беттештеримди калтырбай көрөт. Башында эрежесиз урушта күч сынашарымды билгенде кооптонуп жүрүштү

— Сизди тарбиялаган ата-энеңиз жана бир туугандарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Ата-энем айылда. Атам базарда соода кылат. Апам үйдөгү жумуштар менен алектенет. Төрт бир туугандын улуусумун, карындашым жана эки иним бар.

— Жакындарыңыз спортчу болгонуңузду колдошобу?

Боец по смешанным единоборствам (ММА) Тилек Машрапов - Sputnik Кыргызстан
АКШны багындырган таш муштум Машрапов: Россияга эл катары үй-бүлөмдү багам деп баргам
— Ата-энем, жакындарым беттештеримди калтырбай көрөт. Башында эрежесиз урушта күч сынашарымды билгенде кооптонуп жүрүштү. Анан спортко берилгендигимди түшүнүштү окшойт, азыр колдошот. Апам мени беттештерде аяйт  окшойт, бирок билдирбейт. Менден кийинки иним да спортчу.  Низам 20 гана жашта болгондугуна карабай бир топ ийгиликтерди жаратты.

— Жеке жашооңуз тууралуу айта кетсеңиз?

— Бойдокмун. Буюрса, келе жаткан жылы чакан мамлекетимди куруп алсам деген оюм бар.

— Спорттук карьераңыз аяктагандан кийин эмне менен алектенесиз?

— Топтогон тажрыйбамды жаш муундарга үйрөтөйүн, аларга калтырайын деген ниетим бар.

— Нематтын кийинки беттешин качан көрө алабыз?

— Кореядагы "Road FC" уюмунан сунуш түшкөн. Буюрса, кийинки жылы беттештиме күбө боло аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0