13:56 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
348 0 0

Интернетти "Матрицадагы" ыкма менен дүң кылган кыргызстандык Рафаэль Физиев профессионалдык мелдеште кезектеги жеңишин камсыздады

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев эл аралык Road FC турниринде атаандашын техникалык нокаут менен айбуйга келтирбей жеңди. Бул тууралуу аталган уюмдун Facebook баракчасында жарыяланды.

Турнир бүгүн Кореянын борбору Сеулда өттү. Анда Рафаэль Физиев монголиялык атаандашы Нандин Ерденди беттештин биринчи раундуна ай-буга келтирбей утуп алган.

Ушул жылдын февраль айында кыргызстандык спортчунун кармаш учурунда "Матрица" тасмасындагы Нео сымал соккудан боюн ала качкан ролиги социалдык тармакта аябай популярдуу болгон.

Спортто "Атаман" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 11 жашынан тарта тай боксу секциясына келип, машыктыруучу Эмил Токтогоновдун колунан тарбиялана баштаган. Кийинчерээк КРдин Тай боксу федерациясына которулган. Тай боксунун IFMA версиясы боюнча Кыргызстандын жана Азиянын бир нече жолку чемпиону.

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматына ылайык ММA боюнча профессионалдуу 5 беттештин жеңүүчүсү.

Тема боюнча

WEF Amateurs: 42 спортчу кулатуу боюнча спорт чебери аталды
Кыргызстандык мас-рестлингчилер дүйнө кубогунда 2-орунду багындырды
Белгилер:
Кыргызстан, Корея, Рафаэль Физиев, спорт, турнир, мушкер

ЭҢ МААНИЛҮҮ