21:16 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Премьер-министр Сапар Исаков V Азия оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшырды

Премьер-министр V Азия оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
12610

Жабык имараттагы V Азия оюндары 17-27-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков V Азия оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшырды.

  • Премьер-министр Сапар Исаков V Азия оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшырды
    Премьер-министр Сапар Исаков V Азия оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшырды
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Иш-чара кечээ, 21-декабрда президенттик резиденцияда өткөн
    Иш-чара кечээ, 21-декабрда президенттик резиденцияда өткөн
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Сыйлык улуттук курама команданын спортчуларына, машыктыруучуларына жана уюмдарга тапшырылды
    Сыйлык улуттук курама команданын спортчуларына, машыктыруучуларына жана уюмдарга тапшырылды
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Сапар Исаков курама команданын ийгиликтүү оюн көргөзгөнү менен куттуктап, жогорку жыйынтыктар үчүн ыраазычылык билдирди.
    Сапар Исаков курама команданын ийгиликтүү оюн көргөзгөнү менен куттуктап, жогорку жыйынтыктар үчүн ыраазычылык билдирди.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 4
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Премьер-министр Сапар Исаков V Азия оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшырды

Иш-чара кечээ, 21-декабрда президенттик резиденцияда өткөн.

Сыйлык улуттук курама команданын спортчуларына, машыктыруучуларына жана уюмдарга тапшырылды.

Сапар Исаков курама команданын ийгиликтүү оюн көргөзгөнү менен куттуктап, жогорку жыйынтыктар үчүн ыраазычылык билдирди.

"Сиздер өтө жакшы ийгиликке жетиштиңиздер. Азия оюндарында мындай чоң жетишкендик алгач ирет болууда. Сиздердин көрсөткөн жыйынтык, ата мекендик спортчулардын мүмкүнчүлүгү жогору экендигин тастыктап турду", – деди Исаков.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, Азия оюндарында ар бир экинчи спортчу медалга ээ болгон жана жалпы жыйынтык боюнча Кыргызстан 60дан ашуун мамлекеттин ичинен 8-орунду ээледи.

Эске сала кетсек, жабык имараттагы V Азия оюндары 17-27-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн. Анда Кыргызстан улуттук курама командасынан 153 спорчту 17 спорттун түрү боюнча оюн көргөзүп, жыйынтыгында 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медалга ээ болушкан.

Тема боюнча

Жабык имараттагы Азия оюндары. Тарыхы, өзгөчөлүгү
Төртүнчү раунддагы жеңиш! Мушкер Алманбет AFCA чемпиону аталды
Белгилер:
оюн, Спорт, Сапар Исаков, Азия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ