Төртүнчү раунддагы жеңиш! Мушкер Алманбет AFCA чемпиону аталды

© Фото / федерация WEFКыргызстанский боец Алманбет Абдывасы уулу
Кыргызстанский боец Алманбет Абдывасы уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан эрежесиз уруш боюнча беттешке 22 жуп катышты

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кечээ, 15-декабрда Чүй облусунун Арашан айылында WEF45 — Proffight 17 жана AFCA эл аралык турнири болуп өттү.

Жалпысынан эрежесиз уруш боюнча беттешке 22 жуп катышты. 

© Фото / федерация WEFКыргызстанский боец Алманбет Абдывасы уулу
Кыргызстанский боец Алманбет Абдывасы уулу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанский боец Алманбет Абдывасы уулу

Кыргызстандык мушкер Алманбет Абдывасы уулунун өзбекстандык атаандашы Азизбек Акбаров менен кармашы турнирдин негизги окуясы болду. Алманбет атаандашын төртүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңип, Азиялык AFCA лигасынын чемпиону аталды 

Бывший профессиональный баскетболист США Майкл Джордан - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы эң көп киреше тапкан спортчуларды атады
Ошондой эле турнирдин дагы бир негизги окуясы болуп, кыргызстандык мушкер Ислам Ашыралиев менен өзбекстандык Файоз Шамуродовдун кармашы болду. Бирок тилекке каршы кыргыз спортчусу экинчи раундда муунтуу ыкмасынан жеңилип калды.

Эл аралык турнирде Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын спортчулары ат салышты.

AFCA — Азиялык спорттук лига.

WEF (ред. — World Ertaymash Federation) — Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясы. 2014-жылы дүйнөлүк деген статус алган, ММА боюнча беттештерди өткөргөн спорттук уюм.

WEF турнирлери спортчулардын деңгээлине жараша төрт серияда өтөт.

WEF "Amateur" — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда эрежесиз урушка кадам таштайт;

WEF "Selection" — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки "Proffight" баскычында ат салыша алат;

WEF "Proffight" — деңгээли орто мушкерлер күч сынашат;

WEF "Global" — эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн кыл чайнашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0