Беш жылдын жыйынтыгы менен көк бөрү боюнча эң мыкты 10 команда аныкталды

Жазылуу
Командалар топтогон упайларына жараша тандалган

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Көк бөрү федерациясы 2012-жылдан 2017-жылга чейинки беш жыл аралыгында эң көп упай топтогон он команданы атады.

Көк бөрү оюнунун рейтинг системасынын долбоору
Беш жылдын жыйынтыгы менен көк бөрү боюнча эң мыкты 10 команда аныкталды - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү оюнунун рейтинг системасынын долбоору

Ага ылайык, биринчи орунду 9600 упай менен "Ынтымак" командасы ээледи. Экинчи орунга 6265 упай топтогон "Бөрүлү" чыккан. Үчүнчү орунду 5025 упай менен "Достук" командасы ээлеген.

Андан кийинки командалардын көрсөткүчү төмөндөгүдөй:

4-орун — "Биримдик", 3865 упай

5-орун — "Мурас", 1670 упай

6-орун — "Арашан", 1570

7-орун — "Көк-Жал", 1200

8-орун — "Ысык-Көл" менен "Датка" командалары 550 упайдан

9-орун — "Оро", 400 упай

10-орун — "Төш-Булак", 340 упай

11-орун — "Аафият", 195 упай

12-орун — "Илбирс", 120 упай

Белгилей кетсек, декабрь айынын башында көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0