"Алгыр" Актилек Украинада франциялык мушкерди техникалык нокаут менен жеңди

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу. Архив
Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 14-декабрда Киев шаарында өттү

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу WWFC (World Warriors Fighting Championship) спорттук уюмунун турниринде жеңишке жетишти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун машыктыруучусу Эмил Токтогонов билдирди.

Ак аюу каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
JFC президенти Мусаев "Ак аюу" менен "Баатыр" эмнеге утулуп калганын айтты
Анын айтымында, Жумабек уулу франциялык мушкер Максим Ванилстрейт менен беттешкен. Жыйынтыгында ал атаандашын 2-раунда техникалык нокаут менен жеңип алган. Мелдеш 14-декабрда Украинанын Киев шаарында өттү.

"Алгыр" каймана аты менен таанымал Актилек Жумабек уулу ММА боюнча КРдин беш жолку, NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону. Жакында эле WEF спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган. 

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча тогуз жолу профессионалдуу беттеште утуп, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0