UFC чемпиондук куру Кыргызстанга кантип келип калды? "Жаш-Күчтүн" түшүндүрмөсү

© AP Photo / David BeckerРемень чемпиона UFC во время пресс-конференции в Лас-Вегасе
Ремень чемпиона UFC во время пресс-конференции в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC — Америкадагы аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөн белгилүү спорттук уюм болуп эсептелинет

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн JFC ММА-3 эл аралык турниринин салмакка түшүү жана көз караштар таймашы аземи болуп өттү. Ал эми беттештин өзү эртең саат 18:00дө борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында болмокчу.

"Ак аюу" атаандашы Проценко менен жулкулдаша кетти. JFCнин көз караштар таймашы - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" атаандашы Проценко менен жулкулдаша кетти. JFCнин көз караштар таймашы
Иш-чарага келген коноктордун көбүн сүрөт зонасына коюлган UFC уюмунун чемпиондук куру кызыктырды. Буга чейин интернет айдыңында турнирдин уюштуруучулары кур Кыргызстанга алып келингендиги тууралуу айтып, ал түрдүү пикирлерге жем таштаган. Бири кол жеткис курга суктанса, экинчиси анын жасалма болушу экендигин айткан.

Бүйүр кызыткан курдун таржымалын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы турнирди уюштурган "Жаш-Күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаевден сураштырып көрдү. 

© Фото / бойцовский клуб "Жаш куч""Жаш-Күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаев UFCнин чемпиондук куру менен
Тренер бойцовского клуба Жаш Куч Айбек Мусаев - Sputnik Кыргызстан
"Жаш-Күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаев UFCнин чемпиондук куру менен

"Жайында мекендешибиз Валентина Шевченко UFC турниринин алкагында бразилиялык Аманда Нуньес менен беттешмей болуп, бирок Нуньес жаракат алганына байланыштуу беттеш үзгүлтүккө учураганын баары эле билишсе керек. Ал турнирге биздин клубдун ардактуу президенти Алтынбек Сулайманов мекендешибизге колдоо көрсөткөнү барган. UFC спорттук уюмунун башкы кеңсесине барып, жетекчиси Дэйна Уайт менен жолугушуп, пикир алышкан. Анан UFC уюмунун жетекчиси өз колу менен кол тамгасы коюлган китеп жана чемпиондук курду белекке берген. Биз абдан сүйүүнүү менен кабыл алдык, биздин спортчулар дагы дүйнөнү дүңгүрөткөн уюмда күч сынашсын деп клубдун дубалына илип алганбыз," — деди Мусаев.

Ал ошондой эле Америкадан келген курдун тиешелүү документтери бар экендигин кошумчалады.

UFC — Америкадагы аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөн белгилүү спорттук уюм жана эң жогорку деңгээлдеги спорттук чемпионат болуп эсептелинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0