Футбол боюнча КР курамасы Индонезияда өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти

© Фото / пресс-служба ФФКРТурнир Aceh World Solidarity Tsunami Cup – 2017 в Индонезии
Турнир Aceh World Solidarity Tsunami Cup – 2017 в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык команда жергиликтүү оюнчуларды 1:0 эсебинде утуп алган

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Индонезияда өткөн Aceh World Solidarity Tsunami Cup – 2017 турниринде жеңишке жетти.

Финалдык оюндар 6-декабрда Банда-Ачех шаарында өткөн. Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Бекжан Сагынбаев биринчи таймдын 20-мүнөтүндө атаандашынын дарбазасына гол киргизип, командасын алдыга алып чыккан.

Финалдык оюндарга чейин Кыргызстандын курамасы Монголия менен Брунейди уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0