Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Ак аюу" Мамасалиев: атаандашым Проценко "муунтам" дегени үчүн жооп берет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев
Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн мурун украиналык Юрий Проценко интернет аркылуу атаандашы Мыктыбек Мамасалиевге видео кайрылуу жасаган

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Атаандашым Юрий Проценко "муунтам" деген дубай саламы үчүн беттеште жооп берет. Бул тууралуу "Ак аюу" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Эскерте кетсек, 9-декабрда борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайда "Жаш күч" спорттук клубунун аралаш мушташ боюнча "Jash Kuch Fighting Championship-2017" эл аралык турнири өтөт.

Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер биринчи болуп РФтин M-1 Global уюму менен келишим түздү
Программада 12 беттеш бар. Анын ичинде кыргызстандык "Жаш күч" жана Чеченстандын "Ахмат" спорттук клубунун мушкерлери "Жекеме жеке" мелдештик жолугушуусун өткөрөт. Эки командадан төрттөн мушкер чыкмакчы.

Ошондой эле кеченин башкы беттешине чемпиондук кур коюлган. Анда "Ак аюу" каймана аты менен таанымал Мыктыбек Мамасалиев украиналык Юрий Проценко менен күч сынашат.

Күн мурун Проценко интернет аркылуу атаандашы Мамасалиевге "мен "Азия Аюсу" Мурод Хантураевди муунткам, эми кезек сага да келет" деген видео кайрылуу жасаган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 26-августунда Астанада өткөн FSK Promotion Company турниринин алкагында Юрий Проценко өзбекстандык "Азия аюсу" каймана аты менен таанымал Мурод Хантураевди муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Мамасалиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Проценконун видео кайрылуусу тууралуу оюн айтты.

"Чынын айтсам, ал видеону көргөн жокмун. Ар бир мушкердин өзгөчөлүгү болот. Бири партерде, бири тик туруп жакшы иштейт. Кимдин күчтүү экендиги сегиз бурчтукта билинет эмеспи. Андыктан атаандашым "муунтам" дегени үчүн беттеште жооп берет," — деди Мамасалиев.

Ал ошондой эле беттешке кызуу даярданып жатканын кошумчалады.

"Жаш күч" спорттук клубунун башкы машыктыруучусу Айбек Мусаев бүгүн эртең менен Чеченстандын ММА мушкерлери борборго учуп келгенин кошумчалады. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жаш күч" спорттук клубунун башкы машыктыруучусу Айбек Мусаев
Тренер бойцовского клуба Жаш Куч Айбек Мусаев - Sputnik Кыргызстан
"Жаш күч" спорттук клубунун башкы машыктыруучусу Айбек Мусаев

"Быйылкы JFС ММА турниринин өзгөчөлүгү — эки элдин мушкерлеринин мелдештик жолугушуусу. Эртең менен Чеченстандан келген конокторду тосуп алдык. Мындан сырткары, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Украинанын спортчулары катышат. Алдыдагы беттеш кызыктуу өтөрүнө ишенем", — деди Мусаев.

JFС ММА турнири Бишкекте үчүнчү ирет өтүп жатат. 2015-жылы кыргызстандык Замирбек Сыргабаев америкалык атаандашы Джефф Монсонду баш көтөртпөй жеңип алса, 2016-жылкы турнирде кыргыз мушкери Данияр Бабакулов чемпиондук курга ээ болгон.

JFC ММА турниринде күч сынаша турган спортчулардын чыга турчу тизмеси:

70 килограммга чейин
Эльдор Эронов (Өзбекстан) — Авазбек Жоробаев (Кыргызстан)

61 килограммга чейин
Бахтияр Несипбек (Казакстан) — Абдибаит уулу Айдарбек (Кыргызстан)

77 килограммга чейин
Хусниддин Нишонов (Өзбекстан) — Таштанкул уулу Руслан (Кыргызстан)

70 килограммга чейин
Еркын Дарменов (Казакстан) — Жыргалбек Эмилбеков (Кыргызстан)

77 килограммга чейин
Бихтире Турсунов (Тажикстан) — Фарух Абдужаббаров (Кыргызстан)

77 килограммга чейин
Андрей Белык (Украина) — Дарханбек Эргешов (Кыргызстан)

61 килограммга чейин
Сирожиддин Абдукаюмов — Бахтияр Тойчубаев

"Ахмат" (Чеченстан) жана "Жаш-Күч" (Кыргызстан) спорттук клубунун мелдештик жолугушуусу:

84 килограммга чейин
Мурад Идрисов — Белек Абдыжапаров

70 килограммга чейин
Али Мургулчиев — Орозбек Марипов

70 килограммга чейин
Амирхан Адиев — Эрлан Улукбеков

61 килограммга чейин
Замир Арипшев — Тилек Батыров

Чемпиондук кур үчүн беттеш, 100 килограммдан өйдө
Юрий Проценко (Украина) — Мыктыбек Мамасалиев (Кыргызстан)

Жаңылыктар түрмөгү
0