Түркиядагы мелдеште кыргызстандык балбандар чемпион болушту

Жазылуу
Турнирде беш өлкөнүн 100дөн ашуун балбаны жети салмак категориясы боюнча күч сынашкан

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Түркиядагы кыргыз күрөш боюнча чемпионатта кыргызстандык балбандар биринчи орунга татыды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

© Фото / Акболуш МолдоташовТүркиядагы кыргыз күрөш боюнча чемпионатта кыргызстандык балбандар биринчи орунга татыды
Борцы из Кыргызстана на чемпионате в Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы кыргыз күрөш боюнча чемпионатта кыргызстандык балбандар биринчи орунга татыды

Чемпионат Кыргызстана по дзюдо - Sputnik Кыргызстан
Дзюдо боюнча өтчү "Хан Манас" турниринде 7 өлкөнүн спортчулары күч сынашат
Маалыматка ылайык, биринчилик Анкара шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Афганистан, Өзбекстандан келген 100дөн ашык балбан катышып, жети салмак категориясы боюнча күч сынашкан. Жыйынтыгында ата мекендик команда жети алтын тагынып биринчи орун алса, Казакстан экинчи, Монголия үчүнчү орунду ээлеген.

Спорттук иш-чара кыргыз күрөшүн жайылтуу максатында өткөрүлүп, аны Түркиядагы "Жаштар ынтымагы" коомдук бирикмеси уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0