16:33 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8159
  • EUR77.6004
  • RUB1.0582
Кыргызстандык мушкер Самат Эмилбековдун архивдик сүрөтү

Мушкер Эмилбеков кайрадан ММА боюнча эл аралык турнирде ат салышмай болду

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
253 0 0

Эмилбековдун беттеши Бириккен Араб эмирлигиндеги Дубай шаарында өтөт

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Самат Эмилбеков "Phoenix Fighting Championship" спорттук уюму менен бир жолку беттеш өткөрүүгө келишим түздү. Бул тууралу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын вице-президенти, спортчунун машыктыруучусу Эмил Токтогонов билдирди.

Машыктыруучунун айтымынында, Эмилбековдун беттеши 22-ноябрда Бириккен Араб эмирлигиндеги Дубай шаарында өтөт. Ушул эле Phoenix Fighting Championship турниринин алкагында кыргызстандык Антонина Шевченко дагы күч сынашат.

Белгилей кетсек, мушкер Самат Эмилбеков 26-ноябрда "Megdan Fight" спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган.

Спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча 10 жолу профессионалдуу беттеште утуп, 3 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Тема боюнча

Кыргызстандык мушкер биринчи болуп РФтин M-1 Global уюму менен келишим түздү
Ошто Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир өтүп жатат
Белгилер:
мушкер, Спорт, ММА, Самат Эмилбеков, Дубай

ЭҢ МААНИЛҮҮ