Кыргызстандык бийчилер эл аралык сынактан үч алтын алып келишти

© Фото / федерация танцевального спорта КРКыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн "Күз вальсы — 2017" спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту
Кыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн Күз вальсы — 2017 спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык бийчилердин байге куржунуна жалпысынан алты медаль түштү

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн "Күз вальсы — 2017" спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу КРдин Бий спорту федерациясынан билдиришти.

© Фото / федерация танцевального спорта КРКыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн "Күз вальсы — 2017" спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту
Кыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн Күз вальсы — 2017 спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн "Күз вальсы — 2017" спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту
© Фото / федерация танцевального спорта КРФестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашуун бийчи жуптар катышты.
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашуун бийчи жуптар катышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашуун бийчи жуптар катышты.
1/2
Кыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн "Күз вальсы — 2017" спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту
2/2
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашуун бийчи жуптар катышты.

Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашуун бийчи жуптар катышты.

Кыргызстандык жуптардын жеңиштери:

"Жаштар жана чоңдор" категориясында Никита Герасименко менен Салтана Сейдалиева алтын жана "Жаштар стандарт" категориясында күмүш медаль алышты;

"Жаштар жана чоңдор. Латина" категориясында Абай Туменбаев менен Маргарита Алиева биринчи орунду ээлеп, "Жаштар жана чоңдор. Стандарт" категориясында коло медалга татышты;

"Юниорлор-2" категориясында Адилет Төлөмүшов менен Кристина Титунина биринчи орунду ээлешти;

Ал эми "Юниорлор-1" категориясында Дмитрий Блинков менен Асаль Мамбетова экинчи орунга илинди.

Калыстар тобунун катарына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген адистер кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0