Футбол боюнча дүйнө чемпионатында кайсы өлкөлөр кыл чайнашары белгилүү болду

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүү2018-жылы өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу
2018-жылы өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионаты Россияда 2018-жылы 14-июндан 15-июлга чейин өткөрүлөт

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 2018-жылы өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатында кайсы мамлекеттер ойной турганы белгилүү болду. Бул туурасында "Р-Спорт" агенттиги жазып чыкты. 

Акыркылардан болуп бүгүн таңда Перу менен Жаңы Зеландия беттешип, Перунун футболчулары утуп чыккан.

Стадион Лужники в Москве - Sputnik Кыргызстан
Россияда дүйнө чемпионаты үчүн жаңыланган стадион Мессини таң калтырды
Маалыматка ылайык, дүйнө чемпионатында 32 мамлекеттин курама командалары күч сынашат. Алар Бразилия, Иран, Япония, Мексика, Бельгия, Түштүк Корея, Сауд Аравия, Германия, Англия, Испания, Нигерия, Коста-Рика, Польша, Египет, Исландия, Сербия, Португалия, Франция, Уругвай, Аргентина, Колумбия, Панама, Сенегал, Марокко, Тунис, Швейцария, Хорватия, Швеция, Дания, Австралия жана Перу.

Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты Россияда 2018-жылы 14-июндан 15-июлга чейин өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0