Бекназар Раимкул уулу — чемпион! Сочиде кыргыз туусу желбиреп, гимни жаңырды

© YouTube/ SAMBOFIASКыргызстанский дзюдоист Раимкул Бекназар уулу
Кыргызстанский дзюдоист Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионаты 13-ноябрга чейин созулат

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Сочиде өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Бекназар Раимкул уулу алтын медаль тагынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун машыктыруучусу Бакыт Жусупов билдирди.

Аталган чемпионат 9-ноябрда башталып, 13-ноябрда аяктайт. Раимкул уулу 74 килограмм салмак категориясында жоокердик самбо боюнча күч сынашкан.

АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Кыргызстандын гимни жаңырды. Бул мелдештен кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу алтын медаль багындырды - Sputnik Кыргызстан
Балбан Саматтын жеңиши. АКШда кыргыз гимни жаңырып, туусу бийик көтөрүлдү
Спортчу биринчи беттешинде түркмөнстандык балбан менен кез келген, экинчи айлампада өзбекстандык, үчүнчү беттеште Мароккодон келген спортчу менен чыгып жеңишти камсыздаган. Ал эми финалда россиялык Байзет Хатхокуну утуп алган.

Мындан сырткары, дагы бир кыргызстандык Аманат Алтынбек уулу үчүнчү орунду камсыздаган.

Бекназар Раимкул уулу буга чейин Ташкенте жана Ашхабадда өткөн Азия чемпионатында баш байгени багындырып, эки жолку Азия чемпиону аталган.

Самбо боюнча дүйнө чемпионатына 90 мамлекеттен 800дөй спортчу катышып жатат. Жалпы жонунан медалдын 27 комплектиси ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0