Бишкекте кыргыз күрөш боюнча "Хан Кошой" эл аралык мелдеши өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке
Международный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук иш-чарада кыргызстандык жана чет элдик балбандар алты салмактык категория боюнча ат салышат

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкекте кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, "Хан Кошой" аталышындагы эл аралык таймаш 8-ноябрга белгиленген. Анда кыргызстандык жана чет элдик балбандар алты салмактык категория боюнча ат салышат.

Андан сырткары, 50 жаштан жогорку курактагылар оор салмакта күч сынашат.

Аталган спорттук иш-чаранын жалпы байге фондусу 150 миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0