Бишкекте оор атлетика боюнча ХХХ эл аралык турнир өтөт

Жазылуу
Мелдеште эркек балбандар сегиз, кыз-келиндер жети салмактык категория боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында оор атлетика боюнча ХХХ эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт малекеттик агенттиги билдирди.

ОИ - 2012. Легкая атлетика. Спортивная ходьба. Мужчины. 50 км - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жөө күлүктөр Кытайда өтчү Азия чемпионатында ат салышат
Маалыматка ылайык, мелдеш 24-ноябрдан 26-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Спортчулар Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн ат салышат.

Анда КМШ жана Азия өлкөлөрүнүн эркек балбандары сегиз, кыз-келиндер жети салмактык категория арасында күч сынашат.

Спорттук иш-чара достукту бекемдөөгө жана оор атлетиканы жайылтуу максатында уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0